Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:47

Бүгүн КМШ мамлекеттеринин тышкы иштер министрлер кеңешинин Бишкек жыйыны өттү. Анда КМШ мамлекет башчыларынын Бишкек саммитине камылгалар талкууланды. Бул максатта министрлер күн тартибиндеги 24 маселени карашты. Алардын катарында транспорт коопсуздугу, энергетика, чегара кызматташтыгы, Грузиянын КМШдан чыгуу арызы, Абхазияда тынчтыкты колдоочу жамааттык күчтөрдүн ишмердүүлүгүн токтотуу өңдүү маселелер бар. Ошол эле мезгилде Абхазия, Түштүк Осетия эгемендигин таануу маселеси каралган жок.

Отурумдун күн тартибиндеги маселелердин ичинен негизги көңүл транспорттук, энергетикалык кызматташтыктын 2009-жыл үчүн артыкчылыктуу багыттарына, КМШнын ишмердүүлүгүн өркүндөтүүгө байланышкан маселелерге бурулду. Жолугушуудан кийин уюштурулган маалымат жыйынында уюмдун аткаруу комитетинин төрагасы - аткаруучу катчы Сергей Лебедевдин билдиргенине караганда КМШ келечекте энергетикалык бирдиктүү мейкиндик түзүү багытындагы аракеттерди колдоп жатат. Буга Казакстан менен Кыргызстандын демилгеси негиз берүүдө:

- Токтогул суу сактагычында суу деңгээлинин азайышы Кыргызстанда энергетика проблемасы бар экендигин көрсөтүүдө. Мындай проблемалар кошуна өлкөлөрдө, башка өлкөлөрдө, Кавказда да бар.

Ошондуктан, Лебедев саммит чечим кабыл алгандан кийин энергетика тармагындагы артыкчылыктуу долбоорлорду иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүлөрүн билдирди.

Лебедев ошондой эле КМШнын келечеги жок деген көз караштарга кошулбай тургандыгын, экономикалык, коопсуздук, гуманитардык, маданий кызматташтык жаатында келечеги кең экендигин белгиледи. Күмөн туудурган көз караштар айрыкча акыркы кездери Грузиянын уюмдан чыгуу тууралуу билдирүүсүнөн кийин арбын айтылууда. Кыргызстандын тышкы иштер министри Эднан Карабаев мындай пикирлерди негизсиз деди:

- Биз КМШдагы кырдаал боюнча, артыкчылыктуу багыттар боюнча, албетте, пикир алмаштык. Бул жагынан көз караштарыбыз дал келди. КМШ жашоого жөндөмдүү. Туруктуу өнүгүүгө бизде мүмкүнчүлүк жетиштүү. Биргелешкен максаттарды ишке ашыруу үчүн биз аны пайдаланалы деген ойдобуз.

Тараптардын билдиргендерине караганда, Грузиянын КМШ курамынан чыгуу сунушун канагаттандыруу жараяны башталды. Уюмдун уставы боюнча ал 12 айга созулуп, 2009-жылдын 18-августунда аягына чыкты деп эсептелет.

Ошентип, тышкы иштер министрлеринин отурумунун алкагында КМШда биримдик, жалпы кызыкчылык күчтүү экендиги тууралуу салабаттуу билдирүүлөр жасалды.

Анткен менен КМШ Орусия эгемендигин тааныган Түштүк Осетия менен Абхазияга тышкы иштер министрлери кайрылышкан жок. Бул маселе КМШ мамлекет башчыларынын күтүлүп жаткан саммитинин күн тартибине да кирген жок:

- Абхазия менен Түштүк осетиянын көз карандысыздыгын таануу КМШга мүчө ар бир өлкөнүн өз эрки. Эч кандай жамааттык чечим бул боюнча кабыл алынган эмес. Азырынча мен андай чечим кабыл алуу планы жөнүндө билбейм, - деди Сергей Лебедев.

Министрлер кеңешинин Бишкек отурумун Кыргызстандын тышкы иштер министри Эднан Карабаев менен КМШнын аткаруучу катчысы Сергей Лебедев башкарды.

КМШ мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин жыйынына Армениянын, Беларустун, Казакстандын, Кыргызстандын, Орусиянын, Тажикстандын министрлери, Азербайжандын, Молдованын, Түркмөнстандын, Өзбекстандын, Украинанын министрлеринин орун басарлары катышты.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG