Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:08

Бүгүн Бишкекте Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн жетекчилеринин кезектеги жыйыны өтөт. Чоң жыйын алдында шериктештиктин тышкы иштер министрлер кеңеши мамлекет башчыларынын кароосуна 20 ашуун саясий-экономикалык, гуманитардык, аскерий кызматташтык маселелери карала тургандыгын ырастады.

Социалисттик союздук республикалардын өз алдынчалыгын жапырт жарыя кылып чыккандан кийин түзүлгөн Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигинин келечегине үмүт арткандарга салыштырмалуу ишенбегендер көп. Каадалуу жыйындарда шериктештик мактоого тунганы менен, мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы мамиле-катыштын кандайлыгын Орусия - Грузия кагылышы кашкайтып көрсөтүп койбодубу. Абхазия менен Түштүк Осетиянын өз алдынчалыгын шериктештикке кирген өлкөлөрдүн таанып ийиши да так чечилбей турат. КМШ аткаруу комитетинин төрагасы Сергей Лебедевдин ырасташынча, мүчө өлкөлөрдүн орток иш-чараларынын көбөйүп баратышы кызматташуу тереңдегенин билдирет.

- Бул интеграция карым-катышынын көбөйүп баратканын ырастайт. Бүгүнкү жыйында бир да бирөөнүн оозунан КМШдан чыгуу жөнүндө сөз да чыкпады. Грузиянын чечими буга кирбейт.

Шериктештиктеги өлкөлөрдүн интеграциялык карым-катышынын жакшы жандана албай келатышынын негизги себеби, “Таза коом” партиясынын теңтөрагасы Табылды Акеровдун пикиринде, ортолук демократиялык идеянын жоктугуна, Орусиянын ушу тапта жүргүзүп жаткан геосаясатына барып такалат.

- Орусия бүгүнкү күндө демократиялык өнүгүү жолун сунуш кыла албайт. Орусия Европадагыдай демократиялык өнүгүү жолу менен кетүүгө КМШ өлкөлөрүнө шарт түзгөн жок.

Т.Акеров орток демократиялык идеядан куржалак калган шериктештиктин эртеңкиси бүдөмүк деп эсептейт. Философия илим кандидаты Советбек Абдырасулов да КМШнын болочогу Орусиянын позициясына байланыштуу экенине токтолду.

- Экономика жагынан жакшы калыпка келтирүү максаты бар болсо ошого жараша башка өлкөлөрдү бириктире алат. Бириктирүүгө экономикалык шарт өбөлгө түзөт. Ал саясатка деле тиешелүү.

Орусиялык “Время новостей” гезитинин баяндамачысы Аркадий Дубновдун ырасташынча, КМШ келечеги тууралуу тажатма суроону козголоонун кажаты жок. Шериктештик экономикалык алака-катнашты күчөтүү максатында түзүлгөн эмес.

- В.Путин туура белгилегендей, уюм урушпай-талашпай ажырашуу максатында түзүлгөн. Бүгүн биз бул иштин логикалык жыйынтыгын көрүп жатабыз. Постсоветтик өлкөлөрдүн урушпай-талашпай ажырашуусу жетилип калган экен, мүчө өлкөлөрдүн бири катардан чыгып кетти. Коммуналдык бөлмөлөрдөн өзүнчө үйгө чыгып жашайлы дешти эле бирөө ага да чыдабай башка шаарга көчүп кетти,- дейт А.Дубнов.

Парламент депутаты Алмаз Каримовдун айтуусунда, шериктештик өзүнүн тарыхый милдетин мыкты аткарууда.

- Бүгүнкү чогулган да жакшы болуп жатат. Бул чогулушта көп нерселер чечилет го дейм. Мына глобалдык кризис болуп жатканда экономикалык жалпы келишимге келип, тактап алышат го деп ойлойм.
КМШ мамлекет башчыларынын жыл ичинде чогулчу үлкөн жыйынында негизги бир проблеманы жалпы талкууга салып биргелешип чечүү жагы макулдашылган. Ага ылайык быйыл унаа катнаш маселесине көңүл оодарышса, эмдиги жыл энергетикага арналмакчы.
XS
SM
MD
LG