Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:23

Жаңыл Жусубжан , Прага Борбор Азияда жаш балдардын пахта терүүгө мажбурланышы укук коргоочуларды кыйладан бери кабатырлантып келет. Ал эми эл аралык ири чекене соода компаниялары жана кездеме жасоочулар өзбек пахтасын бойкоттоого чакырышкан. Мына эми Өзбекстандын өкмөтү жакында балдарды пахта тердирүүгө тыюу салды, бирок күз жарышында жаш балдарды эксплуатациялоо токтобогондугу айгине болууда.

Балдардын жумушу саат таңкы алтыда башталат. Үрөң-бараңдан көзүн ушалап, чай, нан менен шам-шум эткен болушат да, талаага жөнөшөт. Мамлекеттик пропаганда машинасы "ак алтын" деп даңазалаган пахтаны бели ката элек балдар күн батканча чогултушат. Түнкү саат 10-11де талаадан келген балдарды таза суусу, электр жарыгы жок жай күтүп турат. Аларга пахтанын килограммына 3 центтен, же 1 сомдон акы төлөшөт.

Мына ушул абалды сыртынан билген америкалык жана британиялык ири соода компаниялары жана кездеме жасоочулар өзбек пахтасын сатып алуудан баш тартышкан. Алардын катарына ушул аптада Уол Март дүкөндөрү кошулду. Ричард Койле - бул ири компаниянын тышкы байланыштарын тейлеген директору. Анын айтымында, Уол Март учурда Өзбекстандын өкмөтү менен күжүрмөн сүйлөшүү жүргүзүп жатат:

- Уол Март өзүнө товар саткан өндүрүшчүлөргө өзбек пахтасын колдонбоого көрсөтмө берген. Биздин максат Өзбекстанда көп балдар пахта терген абалды өзгөртүү болуп саналат.

Өткөн айда кабыл алган мыйзам менен Өзбекстандын өкмөтү өлкөдө балдардын эксплуатациясы бар экендигин иш жүзүндө моюнга алды. Бирок укук коргоочулар мыйзамдын иштебей жаткандыгын айтышууда:

-Балдардын талаадагы эксплуатациясы уланууда. Бул чындык. Мисалы Наманган вилаятында 6-9-класстын балдары пахта терип жатышат, - деп билдирди Азаттыкка Өзбекcтандын Адам укуктары бирикмесинин жетекчиси Елена Урлаева.

Коңшулаш Тажикстан да балдардын бекер иштетүү практикасы сакталып кала берүүдө. Тажик бийликтери окуучулар пахтага чыкканда орто мектептерди бир нече айга жапканды токтоткон, бирок балдар мектепте жарым күн окуп, түштөн кийин жана жума, ишемби, жекшемби күндөрү пахта теришет. Ал эми университеттерде сентябрдан баштап ноябрдын аягына чейин чейин окуу токтотулган.

Олимжон Зоидов Тажикстандын түндүгүндөгү Согд дубанынын Жаштардын иштери боюнча аймактык комитетинин мүчөсү. Ал биздин радиого пахта Тажикстандын улуттук байлыгы экендигин түшүнгөндүктөн, жаштар өздөрү эле пахта терүүгө чыгып жатышат деп ырастады. Бирок студенттер аларда арга жок экендигин айтышууда.

Зафар Кожент университетинде окуйт. Ал Азаттыкка университеттин жетекчилери пахтага чыкпасаңар окуудан чыгарабыз деп коркутуп жатышканын билдирди. "Алар түз айпайт, бирок экзаменде кулатып коюшат, - деп айтты Зафар биздин үналгыга.

Айткандай эле, Ампаро адвокатурасы былтыр Кожентте университеттерден пахта теримге чыгуудан баш тарткан 56 студент окуудан чыгарылгандыгын бышыктады.
XS
SM
MD
LG