Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:04

Амирбек Усманов, Прага Россиянын газына болгон көз карандылыктан чочулаган Европа Биримдиги көгүлтүр отундун башка булактарын да издөөдө. Буга Россиялык аскерлердин август айында Грузияга басып кирүүсү да түрткү болду. Азыр Биримдик керектеген газдын 25 процентке жакынын Россиядан алат. Брюсселде андай альтернативдүү жолдордун бири Каспий тарабындагы өлкөлөрдү көрүүдө. Регионду Евробиримдик менен бириктирчү мунай-газ боросунун жаңы долбоору «Ак өзөн» деп аталат.

Ушу тапта Россияны айланып өткөн жалгыз гана мунай-газ жолу бар. Бул-Баку-Тбилиси-Эрзурум боросу. 2002-жылы сунуш кылынып, АКШ колдогон Набукко долбоору али бышпай турат. Андан үч жыл кийин сунуш кылынган «Ак өзөн» долбоорун жакында Евробиримдик өзүнүн Каспий стратегиясына кошту. Эмне үчүн? Суроого «Ак өзөндүн» өнүгүү боюнча директору Григорий Вашакмадзе мындай дейт:

-Евробиримдик «Ак өзөндү» Трансевропалык системанын маанилүү бөлүгү деп эсептейт. «Ак өзөнгө» Европанын кызыкчылыгындагы долбоор деген статус берилген. Эмне үчүн бул долбоордун колдоочулары көп? Эмне үчүн мындай болууда? Себеби, Европа ырасында эле Каспий чөлкөмүнүн байлыгын Набукко өзү өздөштүрө албайт деген ишенимде.

Ушундан улам, Набукко жана «Ак өзөн» өз ара атаандаш эмес, бирин бири толуктаган долбоор дейт Вашакмадзе.

«Ак өзөн» болочокто Грузия-Украина-Европа Биримдигин бириктирет деп болжолдонууда жана боро Кара деңиздин астынан 2 миң метр тереңдикке жаткырылат. Балким, бир учу Украинанын Крым жарым аралына чейин тартылат. Үч этап менен курулчу боро толук ишке киргенде, Европа жылына Каспий өлкөлөрүнөн 32 миллиард куб метр газ алып калат. Ошентип, «Ак өзөн» жана Набукко 2030-жылы Европа Биримдигине мүчө 27 өлкөнүн газга болгон керектөөсүнүн 10 процентин канааттандырыш керек.

Бул эки долбоорго региондогу ири оюнчу Россия каршы болгондуктан, Каспий боюндагы постсоветтик өлкөлөр долбоорго этият мамиле кылууда.

«Ак өзөн» ишке кирсе Азербайжан, Казакстан жана Түркмөнстан газды Европага түз сатууга мүмкүндүк алмак.

Август айындагы Грузия-Россия чатагы «Ак өзөнгө» капитал салууга нытызар инвесторлордун демин бир кыйла суутуп койду. Ошол эле учурда чатактан соң Евробиримдиктин мунай-газдын альтернативдүү булактарын издөө боюнча чечими Набукко менен «Ак өзөндүн» курулушун ылдамдатууга түрткү болушу мүмкүн, дейт Григорий Вашакмадзе «Азаттыкка» берген интервьюда:

-Евробиримдиктин Россиянын баскынчылыгын бир ооздон айыптоосу жана 1-сентябрда альтернативдүү мунай-газ жолун өнүктүрүү боюнча чечими Россия үчүн өтө күтүүсүз иш болду окшойт. Бул кейпи Каспий өлкөлөрүнүн долбоорго болгон ишенимин артырды. Бул биз ийгиликке жетчү жол. Эми дагы көп иштешибиз керек.

Россия Казакстан жана Түркмөнстандын газын колдон чыгарбоо үчүн эки өлкө менен узак мөөнөттүк келишим түзгөн. Акыркы жылы сатып алуу баасын да олуттуу көбөйттү.
XS
SM
MD
LG