Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:30

9-октябрь күнү Жогорку Кеңештин кезектеги олтурумунда бир катар сунуш-пикирлерден, талаш-тартыштардан кийин “Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндөгү” мыйзам долбоору кабыл алынды. Бул окуя коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратууда.

Мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда Кыргызстандагы дин маселелерине байланыштуу жагдайлар өтө эле башаламан экендиги, мыйзамдан сырт калгандыгы айкын болду. Маселен, депутат Бакыт Бешимовдун: “Чет мамлекеттердеги диний окуу жайларда азыр канча кыргызстандык окуйт?” деген суроосуна Кыргызстандагы диний жагдайларды изилдөө жана мыйзам долбоорун даярдоо боюнча парламенттик комиссиянын башчысы Рашид Тагаев жооп берди:

- Эч кандай эсеп, каттоо жок. Шарттарын түзүп, тигил жак менен сүйлөшүп жөнөтүш керек эле да кайсы бир уюм. Дагы бир маселе, жанагы өз алдынча кеткендер эмнени окуп келип атышат? Көз караштары кандайча? Эч ким билбейт.

Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин деректири Каныбек Осмоналиев Кыргызстандагы диний окуу жайлар дээрлик бойдон лицензиясыз иштеп келатышкандыгын маалымдаганда депутат Бакыт Бешимов андай окуу жайлардын баарысын токтоосуз түрдө жабыш керек деген пикирин айтып, аларды бейдарек иштетип коюуну кылмыш катары баалады.

Андан кийин жер-жерлердеги медреселердин окуу-программалары жаатында сөз кетти эле, Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин деректири Каныбек Осмоналиев мындай маалыматтарды ортого койду:

- Бүгүнкү күндө аларда окуу стандарты деген жок экен. Муфтият, көп жерлерде казияттар окуу программаларын өз алдынча түзүшүп, ошолорду окуп жатышыптыр медреселерде. Мынабу базалык мыйзам кабыл алынгандан кийин атайын диний окуу жайларынын ишмердүүлүктөрү жаатында өзүнчө мыйзам кабыл алышыбыз керек.

Депутат Роза Отунбаева мамлекет алсырап турган кезде дин маселелери кыйчалышып кирерин Германиянын мисалында кеп кылып келип, азыркы Кыргызстанга да дин жаатындагы катуу саясат зарылдыгын белгиледи:

- Берлин дубалы уратылганда да Германияны бүт диний секталар басып кеткен. Азыр Кыргызстан исламдын экстремисттик багыттарын жана салттуу эмес диний секталарды жолго коюш керек. Эмне үчүн Иеговочулар аскерге балдарды жибергенге, шайлоого катышканга каршы болуп жүрө бериш керек? Биз кайсы диний сектага кандай мамиле кыларыбызды ачык, так жарыялашыбыз керек.

Парламент жыйыны кызып олтуруп, “Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндөгү” мыйзам долбоорун 1-окуу тартибинде кабыл алууга мүмкүнбү деген суроого такалды. Депутат Бакыт Бешимов бул мыйзам долбоорун жакшылап иштелгенден кийин карашыбыз керек десе, депутат Бейшебек Акунов долбоорду коммунисттердин да, социал-демократтардын да фракциялары алдынала карабагандыгын, “Ак жолдун” күчтөөсү менен өткөрүп жиберүү калыстык болбостугун белгиледи.

Талаш-тартышта депутат Кубанычбек Исабековдун мыйзам долбоорун 1-окууда колдоп, сунуштарыбызды кагаз жүзүндө жазып берели деген сунушу суу кечти. “Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору добушка коюлуп, 62 добуш менен кабыл алынды.

Бул мыйзам долбоорунун кабыл алынышы түрдүү пикирлерди жаратууда. Кыргыз Республикасынын акыйкатчысы Турсунбек Акун, маселен, мындай дейт:

- Биз 1998-жылдары эл аралык келишимге кол койгонбуз. Бардык диндерге эркиндик беришибиз керек эле. Бул мыйзам болсо эки-үч динге эркиндик берип, калгандарын чектөөгө алат. Ошондуктан бул мыйзам адам укугун чектеген мыйзамдардын санын көбөйттү.

Кыргызстанда дин багытындагы мыйзам 1991-жылдан, демек, СССР доорунан бери кабыл алына элек болчу.
XS
SM
MD
LG