Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:03

07:50 БШК жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жыйынтыктарын жарыялады


Маалыматтарга караганда, добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча депутат болуп 7 миң 647 адам шайланды. Бишкек шаардык кеңешине шайлоонун Асанбай жана Жибек-Жолу окургдары боюнча жыйынтыктары да кечээ чыгарылды. Калган 9 округ боюнча шайлоонун жыйынтыктары мындан 2 күн мурда белгилүү болгон. Асанбай округу боюнча депутат болуп Акылбек Акматалиев, Василий Дашков, Кеңешбек Жусупов жана Айбек Осмоналиевдер шайланды, ал эми Жибек-Жолу округу боюнча шайлоочулардын көп добушуна Нурбек Алимбеков, Нурлан Асанбеков, Валерий Ким жана Рустам Юнусбаевдер ээ болушту. Шайлоо өнөктүгү республиканын 40 районунда, 22 шаарында жана 400дөн ашуун айыл өкмөттөрүндө өттү. Бардыгы депутаттыка талапкер катары 15 139 адам катталган. БШКнын расмий маалыматы боюнча добуш берүү жараянына шайлоочулардын 61,9 пайызы катышты. Анткен менен кээ бир коомдук-саясый уюмдар шайлоо одоно мыйзам бузуулар менен өттү деп, добуш берүүнүн жыйынтыктарын тааныбай тургандыктарын жарыялашты.(MSu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG