Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:26

Европа өлкөлөрү финансылык кыйырсын менен алпурушуп жаткан чакта алардын орток валютасы – евро акырындап америкалык долларга өз позициясын алдыра баштады. Быйыл жайда эле бир евро 1.60 долларга чыккан болчу. Бирок АКШда көтөрүлгөн финансылык капсалаңдын арылдаган биринчи шамалы Европага жетер замат ал эңиштей баштады. Ушу тапта валюта рыногунда бир евро 1.37 доллар тегерегинде байланып турат.

Июлдан бери америкалык долларга салыштырып санаганда евро 14 процентке арзандады. Байкоочулар финансылык кыйырсындын биринчи толкуну да Европада банктардан мурда еврого тийди дешет. Соңку апталарда эле ал америкалык долларга бир нече позициясын алдырып жиберди.

Лондондо жайгашкан европалык реформа борборунун башкы экономисти Саймон Тилфорд муну кайсы бир өлчөмдө бардык проблемаларына карабастан АКШ азыркы кризистен Европага караганда эртерээк чыгат деп ойлогон инвесторлордун ишеними менен байланыштырды. Тилфорд өзү мындай көз карашты колдобойт.

“Менимче,Европада адамдар өтө эле күмөнчүл келишет. Мен өзүм АКШ кризистен Европадан эрте чыгат деп ойлобойм, бирок еврозонасы солгун өнүгүү тилкесинин кашатында турганы калетсиз,бул төмөндөө мындан бир нече ай мурда адамдардын капарына келбеген абалдан да начар болушу мүмкүн”,- дейт Тилфорд.

Евронун алсызданышына башка да факторлор таасирин тийгизди.Атап айтканда, банк кризисине каршы европалыктар орток арга таба алышкан жок. Андан калса дүйнөлүк финансылык кризистин башкы компоненти катары долларга талап өстү. Өз активдерин сатууга киришкен финансы мекемелери коркунучту азайтуу үчүн карыздарын доллар түрүндө төлөй башташты.

Лондондук эксперт Иан Станнард түшүндүргөндөй, финансылык кризис тереңдеген сайын доллардын ликвиддүүлүгүнө муктаждык күчөдү. Натыйжада бул башка бардык валюталарга,алардын ичинде еврого караганда доллардын жогорулашын шарттады.

Евро кризиске күткөндөй такаат кыла албаганын көрүп,көбү андан көңүлү калып, айрымдары атүгүл түңүлө баштады. Еврозонага кирген он беш өлкө кыйынчылыктан чыгуунун жолун да ар бири өз алдынча издөөгө өтүштү. Алдуу-күчтүүлөрү евронун кыйла бийик үстөк процентине кызыкдар болсо,каркыны чактары бюджет тартыштыгын жапканы төмөндөтүлгөн үстөк процентке мукурап,кыйчалыш кырдаал түзүлдү.

Мунун баары, "Daily Telegraph" гезитинин баяндамачысы белгилегендей,бардык өлкөлөр үчүн валюта саясатын жалгыз Евробанк аныктаган бул зонада “кооптуу жагдайлардын жыйындысын” пайда кылды. Кысымга чыдабай,айрым же бир нече өлкө еврого бириккен акча-кредит союзунан чыга качышы да ажеп эмес деген божомолдор жаралды.

Саймон Тилфорд мындай вариантты мүмкүн эмес деп эсептейт.Мисалы,эгер италиялыктар еврозонадан чыгып,кайрадан мурунку улуттук валютасына – лирага өтө турган болсо,анда өлкөнүн карыздары,аларды төлөө наркы бир нече эсе жогорулап кетет.

Иан Станнард да азыркы кризис евро аймагын бир топ эле чайпалтып,чайналтат,бирок ага чоң жарака салалбайт деп ишенет. Борбордук банктар үстөк проценттерин төмөндөткөнүнө карабастан евро келечекте баары бир эңкейиштей берет. Станнард бир евронун наркы алдыдагы жылдын башталышында 1.30долларга, ал эми жайга барып 1.20долларга барабар болуп калат деп жоромолдойт.
XS
SM
MD
LG