Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:04

Бүгүн Вашингтондо Чоң жетинин тобуна кирген өлкөлөрдүн каржы министрлеринин жыйыны башталат. Глобалдык каржы кризиси - жыйындын күн тартибиндеги башкы маселе. Дүйнө өлкөлөрүнүн Борбордук банктары менен өкмөттөрүнүн кризисти жеңилдетүү үчүн көргөн чаралары баалуу кагаздар базарындагы кырдаалды турукташтыра албай жатат. Маселен, Кошмо Штаттардын негизги биржалык индекси – Доу Жонс акыркы беш жылда биринчи ирээт кечээ 9000 пункутка ылдыйлады. Европада болсо кечээ эртең менен биржалык индекстер өскөн, бирок кечке жуук соода кайра эле төмөндөө менен жабылды. Эл аралык валюта корунун башчысы Доминик Стросс -Кан дүйнө рецессиянын кыл учунда турганын эскертти.

АКШнын Федералдык резерв системасынын, Европа өлкөлөрүнүн, Канада менен Кытайдын Борбордук банктары кредиттер үчүн үстөк пайызын бир учурда, мурда болуп көрбөгөндөй координацияланган шартта азайтуусуна кечээ Түштүк Корея,Тайвань, Гонконг кошулган эле.

Андан бир нече күн алдыда, Кошмо Штаттарда Конгресс олку-солку болуп турган банктар менен каржы институттарын кырдаалдан чыгаруу үчүн 700 миллиард долларга чейин акча ажыратууну караган планды жактырган. Ушуга окшогон чараларды Европанын бир нече өлкөсү да көргөн болчу. Мындай кадамдар, адистердин тили менен айтканда, банктардын ликвидүүлүгүн колдоо жана алдастаган аманатчылар акчасын шашылыш чыгарып кетүүсүн алдын алуу үчүн жасалды.

Банктарга карата ишенимди, кредит берүү кудуретин чыңдоо үчүн Европанын Борбордук банкы, аларга бир жумалык мөөнөткө эсептелген насыяны чектөөсүз өлчөмдө алууну сунуш кыларын билдирди.

Себеби коммерциялык банктардын бири-экинчисине карыз берүүсү дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө токтоп калды. Бул орто жана чакан бизнес өкүлдөрүнүн кыска мөөнөттүк кредиттерди алуусун кыйындатты. Мындай жагдай өз кезегинде экономикадагы глобалдык төмөндөө, жумушсуздук көбөйөт деген кооптонуларды күчөттү.

Расмий өкүлдөр болсо инвесторлор менен соодагерлерди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырып жатат. Акциялардын арзандоосу АКШ 700 миллиард доллардык куткаруу планын кабыл алгандан кийин да токтобогонун комментарийлеген каржы министри Генри Полсон мындай дейт:

-Чыдамкайлык керек. Себеби чакчелекей тез эле аяктабайт, көп кыйынчылыктар алдыда. Жаңы мыйзамдын кабыл алынышы да, анын аткарылуусу да азыркы көйгөйлөрдү дароо эле чечпейт. Биздин өлкөнүн алдында турган кыйынчылыктарды чечүү үчүн убакыт, эки партиянын кызматташтыгы, ага катары жакшы ойлонулган жана аткарыла турган саясат талап кылынат.

Саясатты аныктагандар тарабынан али көп нерсе жасалуусу керектигине аналитиктер кошулат. 10-октябрда АКШда Чоң жетинин тобуна кирген өлкөлөрдүн каржы министрлеринин жыйыны башталган жатат.

Бирок "WSJ IE" басылмасынын жазганына караганда, анда улам тереңдеп бара жаткан каржылык кризиске каршы глобалдык план сунуш кылынары арсар. Белгилүү болгондой Чоң жетинин тобунда Азиядан Жапония эле бар. Анын негизги биржалык көрсөткүчү –Никкей алты күн катары менен төмөндөп, кечээги соодада арзандоо 0,5%ды түздү.

Азия өнүгүү банкынын баш директору Ражат Наждын айтымында, азыр өзү- өзү жошуткудай учур эмес. Ал кечээ Филиппиндеги бизнес форумда буларды белгиледи:

-Азия, албетте, болуп жаткандардан корголбогону анык. Бирок дүйнөнүн калган булуң-бурчунда болуп жаткандын барымтасында эмес. Азиянын ички суроо-талабы эбейгейсиз. Азиянын каржылык сектору батыштагы кризиске алып келген тутамдаш кредиттерге байланган эмес. Андыктан бул бизге жаздыкча болууда. Бирок бул биз канааттанышыбыз керек, башкача айтканда биз обочодобуз дегенди туюндурбайт. Биз андай эмеспиз.

Азиялыктар минтип азыр өзүн-өзү жошуткудай учур эмес экенин эскe салып жатышса, Европадагы адистер кризистин эң кыйын бөлүгү артта калганына азырынча ишене алышпайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG