Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:42

БАКЫТ БЕШИМОВ: МОСКВАНЫН КЫРГЫЗСТАНДАГЫ КЫЗЫКЧЫЛЫГЫ БИР КҮНДҮК ЭМЕС - ТҮБӨЛҮК


9-октябрда Бишкекте кыргыз жана орус президенттеринин жолугушуусу болду. Анда энергетика жана башка тармактарда кызматташуу боюнча келишимдерге кол коюлду. Президент Дмитрий Медведевдин Кыргызстанга сапарынын жыйынтыгы боюнча белгилүү дипломат, социал-демократиялык фракциянын жетекчиси Бакыт Бешимов “Азаттыкка” маек курган эле.

“Азаттык”: - 9-октябрда Бишкекте кыргыз президенти Курманбек Бакиев менен орус президенти Дмитрий Медведевдин жогорку деңгээлдеги жолугушуусу болуп өттү. Анын жыйынтыгына кандай баа берип жатасыз?

Бакыт Бешимов: - Менимче, ийгиликтүү жана эки тарапка пайдалуу жолугушуу болду. Менин баам ушундай.

“Азаттык”: Энергетика багытында кызматташуу боюнча келишим ГЭСтерди курууга жол ачабы?

Бакыт Бешимов: - Ал тууралуу шашылыш түрдө бирдемке деш кыйын. Анткени буга чейин дагы Россия менен бул маселе боюнча көп ирет сүйлөшүүлөр жүрүп, энергетика тармагына Россиядан инвестиция келсин деген чакырыктар да ташталган. Бирок азырга чейин эч бир көзгө көрүнөр иш жасалган эмес. Мындан кийин кандай болоруна байкоо салып турушубуз керек. Бирок мен ишенет элем, Россия азыркы учурда жалпы Борбордук Азия эле эмес, жалпы мурунку СССРдин аймагын өзүнүн көзөмөлүнө алууну стратегиялык максат катары коюп жатат. Ошондуктан биздеги иштерге да катуу киришет деп ойлоймун.

“Азаттык”: - Ушул жерде дипломатиялык тил менен айтылган сөздөргө түшүндүрмө берүүңүздү өтүнсөк. Мына, Камбар-Ата ГЭСтерин куруу үчүн акчанын булагы аныкталыш керек деген сөздү орус президенти Дмитирий Медведев айтты. Ал эми эки президент кабыл алган билдирүүдө ГЭСтерди куруу үчүн узак мөөнөттүк насыя жөнүндө сөз болгон. Мына ушул сөздөрдүн чечмеленүүсү кандай болот жөнөкөйлөштүргөндө?

Бакыт Бешимов: - Жөнөкөй айтканда мындай, Россия азыркы учурда Батыш менен тирешип жатат. Ошондуктан Грузия менен чатактан кийин Москва өзүн ыңгайсыз абалга коюп койду. Жакында эле Казакстан Абхазия жана Түштүк Осетиянын көз карандысыздыгын тааныбайбыз деген чечимге келди.Башка мамлекеттер да, республикалар да Россиянын кадамына кошулбайт.
Ошондуктан Россияга азыркы учурда жалпы Борбор Азиядагы энергияга байланыштуу бүт ресурстарды өз колуна алыш керек болуп жатат. Бул региондо Москва бекем орунду ээлеш керек. Ошондуктан Медведев айтты, биз каржынын булактарын аныктайбыз деди. Аныктаганда кайсы булактар? Бул “Газпромдун” мүмкүнчүлүгү, андан сырткары Россиянын электро тармагында иштеген РАО ЕЭС компаниясы. Булардан сырткары жеке менчик инвесторлор болушу мүмкүн.Буларды узак мөөнөттүк иш деп жатышат. Бул дегени биз бир күнгө келбейбиз, түбөлүккө келебиз, көзөмөл жасайбыз дегени.

“Азаттык”: - Энергетика тармагындагы дагы бир келишим газ тармагына байланыштуу болду. Ал боюнча “Кыргызгаздын” 75% акциясын “Газпромго” берилиш керек. Бул бир жагынан газ менен камсыздоону жакшыртат деп түшунсөк, экинчи жагынан Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугу башка өлкөнүн колуна өтүү менен коркунуч болбойбу?

Бакыт Бешимов: - Албетте, сиз туура маселе коюп жатасыз. Эмне үчүн дегенде биз стратегиялык тармактарбызды кимдир-бирөөнүн колуна өткөрүп берсек, анда албетте көз каранды болобуз. Эгерде башка мамлекеттерге газ, электр энергияны, орчундуу мекемелерде берип койсок, эртең алар каалагандай бизге буйрук бере баштайт. Мисалы үчүн “Дастан” ишканасын алсак, ал жерге Кыргызстандын энергетика тармагын көп жылдар бою талкалаган Шершовду коюп коюшту. Алардын максаты деле максаты ушундайларга өткөрүп бериш болот. Ошондуктан бул жерде ойлонуп чече турган маселелер көп. Тилекке каршы, жакында бийлик энергетика тармагын Жогорку Кеңешсиз эле чечебиз деген бүтүмгө келишкен. Бул туура эмес деп ойлоймун.

Маектешкен Айданбек Акмат уулу
XS
SM
MD
LG