Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:13

12:05 Жалалабат облусунда шайлоого нааразы болгондор сотторго кайрылууда


Базар-Коргон райондук кенештин депуттыгына талапкер Азимжан Аскаров Жогорку Сотко арыз жолдомокчу. Анын жүйөөсүндө, Базар-Коргон айылында тизме жаңыртылбагандыктан көптөгөн шайлоочулар добуш бере алган эмес. Кенеш айылы сыяктуу бир нече участкаларда кайталап добуш берүүлөр, төрттөн, ондон бюллетень таркатылганын байкоочулар көрүшкөн. Добуш берүү баракчасын жырткан мас кишилерди шайлоокомиссиясы тыя албаган. Укук коргоочунун аталган айылдардагы шайлоону жокко чыгаруу талабын райондук сот канааттандырган эмес. Аскаровдун айтымында «Юбилейный» участогунда шайлоо бүтөөргө алты мүнөт калганга чейин 485 бюллетен салынган болсо, эсептөө маалында 595 бюллетень чыккан. “Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын облустагы координаторунун арызын кароо 13-октябрга жылдырылды.Чолпон Эргешова Жалалабаттагы эки участоктун шайлоосун жокко чыгарууну талап кылууда. “Ата мекен” партиясынын мүчөсү, талапкер Кадырбек Жакыповдун арызы бүгүн түштөн кийин каралаары күтүлүүдө. (YA)

XS
SM
MD
LG