Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:12

14:11 Укук коргоочулар Эсептөө палатасы жөнүндөгү мыйзамдын өзгөртүлүшүнө тынчсызданышууда


Укук коргоочулардын консультативдик-координациялык кеңеши жана бир нече бейөкмөт уюмдар тараткан билдирүүдө бийлик бутактары Эсептөө палатасынын текшерүүчүлүгүнө өз талапкерлерин көрсөтө албай калгандыгына тынчсызданышып, Улуттук банктын ишин текшерүүгө укук берилиши да зор күмөн жаратарын билдиришти. Андан тышкары Эсептөө палатасынын текшерүүчүлөрү менен инспекторлору эл аралык үлгүдөгү сертификаттар менен иштөөсүн талап кылчу норманын алынышын артка чегинүү деп баалашты.Жогорку Кеңеш бүгүн кабыл алган мыйзамга ылайык Эсептөө палатасынын аудиторлорунун саны 14төн үчкө кыскартылып, аларды президент сунуштап, парламент бекитет деп өзгөртүлгөн. (BD)

XS
SM
MD
LG