Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:48

ИБРАГИМ ЖУНУСОВ: ДИНИЙ УЮМДАР КЫРГЫЗСТАНГА КОРКУНУЧ ТУУДУРУП ЖАТАТ


ЖК депутаты Ибрагим Жунусов кечээ күнү Жогорку Кеңеште диний кырдаал боюнча мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү жөнүндө чечимдерди кабыл алууга активдүү катышкан депутаттардан болду. Анын айтымында, жаңы мыйзам Кыргызстанда чектен чыгып бараткан диний уюмдардын ишин тартипке салуу үчүн керек.

- Жогорку Кеңеш Кыргызстандагы диний кырдаал тууралуу токтом кабыл алды кечээ күнү. Сиз дагы ушуга абдан активдүү катышып жаттыңыз. Ушул токтомдун маани-мазмунуна токтоло кетсеңиз?

- Биринчиден, бул Жогорку Кеңештин алдында түзүлгөн комиссиянын аткарган ишинин негизинде кабыл алынды, комиссияга мен мүчөмүн. Комиссиянын төрагасы Рашид Тагаев, бир топ комиссия мүчөлөрү акыркы эки айдын ичинде көп жумуштарды жасады. Мына өзүңүздөр билесиздер, дин тутуу эркиндиги деген законду кабыл алыштан мурда бир сыйра комиссия бул ишти караштырыш керек болуп калды. Ошол дин тутуу эркиндиги боюнча закондун авторлорунун бири болуп саналам мен. Ушул законду кабыл алуудан мурда комиссия түзүп, Кыргызстандагы акыбалды бир сыйра билсеңиздер дегенбиз.

- Кыргызстанда диний акыбал кандай экен?

- Чынын айтыш керек, Кыргызстанда диний кырдаал бүгүн өтө татаал, өтө оор. Эмнеге дегенде, өзүңүздөргө белгилүү болсо керек, Кыргызстанда бүгүнкү күндө 2158 ар кыл диний агымдар катталган. Бул биздин Кыргызстан үчүн өтө көп. Мейли эки миң эмес 5-10 миң болсун. Бирок булардын көпчүлүктөрүнүн максаттарын карап көрсөңүздөр, мисалы миссионерлердин жасаган иштерин. Дин тутуу эркиндиги жөнүндө мыйзам 17 жыл мурун кабыл алынган, ошого да туура келбеген иштерди жасашкан. Ошонун негизинде бүгүнкү күндө Кыргызстан үчүн керек болсо коркунуч туудуруп атат. Мисалы ала турган болсок «Хизб-ут Тахир» партиясынын жасаган иштери, Кыргызстанда бул партияга тыюу салынганына карабастан ал өз ишин активдүү жүргүзүп атат. Христиан - баптисттер, Иегова күбөлөрүнүн жасап аткан иштери чындыгында ойго сыйбай турган нерселер.

- Ибрагим мырза, кечээ күнү сиздер бир мыйзамды бир окуудан кабыл алдыңыздар дин ишеним эркиндиги боюнча. Ал мыйзам ушул башаламандыкты теске салабы?

- Сөзсүз түрдө. Себеби бул мыйзамды 2-3 ай мурда комитетке койгонубузда, ошондо эле мага көпчүлүк агымдардын лидерлери келе баштады. Келип муну мындай, тигини тигиндей кылыш керек деп эле, бардыгы өзүнүн очогуна күл тартып атат. Бул мыйзам биринчиден, ошол диний агымдар менен күрөшүү үчүн эмес, бул диний агымдарды тартипке келтирүү үчүн мыйзам. Көпчүлүгү ойлоп атат, бул мыйзам бизге күрөшүү үчүн керек болуп атат деп. Жок, андай эмес. Күрөшүү үчүн дагы бир башкача мыйзам керек. Ал эми биздин жасаган мыйзам бул кырдаалды тартипке салыш үчүн керек. Бардыгыбыз эле Кудай деген жанбыз, мен деле Кудай деп жүргөн адаммын, бирок ошол эле учурда, бизде медреселер, баптисттердин сыйынуу, дуба кылуу үйлөрү бар. Бардыгын карап көрсөңүздөр, Кудайдан башка эч нерсени үйрөтпөй атат. Биз билим берүү системасын да караганбыз бул жерде. Мисалы кечке эле Куранды окутуп, же Кудай дей берсеңиз дагы болбой калат. Бизде билим берүү жөнүндө закон бар. Ошону дагы киргизип атабыз ал жерге. Себеби медреседе, Ислам университетинде, же баптисттердин, христиандардын өздөрүнүн дуба кылуу үйлөрүндө окугандарга философия, математика, история, химияга окшогон сабактар дагы кириш керек. Мына ошондо гана билим алып аткан балдарыбыз ар жактан өркүндөгөн болуп саналат. Мисалы ОшМУда теология деген факультет бар, бул Кыргызстанда жалгыз лицензиясы бар факультет. Ошол жерде бүтүн тармактар окутулат. Ал жерде окуган кыз-уландар кенен кругозор менен бүтүшөт.

- Маегиңизге рахмат.

Маектешкен Айданбек Акмат уулу, Бишкек
XS
SM
MD
LG