Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:12

16:50 И. Исаков: Бакиевдин кадрдык, ички жана тышкы саясаты менен макул эмесмин


Коопсуздук боюнча кеңештин катчысы Исмаил Исаков бул туурасында бүгүн президент Курманбек Бакиевге кызматтан четтетүү тууралуу өтүнүп жазган катында айтты. И. Исаков Бакиевди акыркы убакта Акаевдин өлкөдөн качышын шарттаган адамдар көп курчай баштаганын белгилеген. Ыңкылап маалында жана андан кийин элдин турмушу жакшырат деген үмүттөр акталбай калганы баса көрсөтүлгөн. Энергетика маселесинде өлкө артка чегингени кошумчаланган. Исаков ошондой эле Бакиевдин ички,тышкы жана кадрдык саясаты менен макул эместигин айткан. Авторитаризм күчөп, укук коргоо жана сот органдарында коррупция гүлдөп жатат, дейт Исаков. Коопсуздук боюнча кеңештин катчысы болуп турганда бул көрсөтүлгөн кемчиликтерди жоюу боюнча чоң көмөк көрсөткөнүн, бирок азыркы система бул мүчүлүштүктөрдөн арылууга мүмкүнчүлүк бербейт деп, Исмаил Исаков ушундан улам кызматтан алууну сурап бүгүн президентке кайрылды. (EBM)

XS
SM
MD
LG