Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:16

17:05 Жаштар саясаты боюнча жаңы улуттук концепция дээрлик даяр болуп калды


Бул туурасында “Азаттыкка” депутат Алишер Мамасалиев билдирди. А. Мамасалиев президенттин администрация өкүлдөрү, депутаттар жана бейөкмөт уюмдардын мүчөлөрүнөн түзүлгөн жумушчу топ Кыргызстанда жаштар саясаты боюнча жаңы улуттук концепцияны дээрлик даярдап бүтүп калганын, 16-18-октябрда жыйын өткөрүлүп концепция сунушталышы ыктымалдыгын маалымдады. Бул улуттук концепцияга ылайык жаштар саясатын жүргүзүүнү мындан ары өкмөт эмес, президенттин администрациясы колго алып, Жаштар иши боюнча департамент жоюлуп, ар бир министрлик, мекмелелерде жаштар иши боюнча бөлүмдөр ачылмакчы. (EBM)

XS
SM
MD
LG