Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:07

Европада жана Азияда акция баалары дагы кулады


Глобалдык кризистин кулач жайышынан жана тереңдешинен чочулоого байланыштуу Жапонияда 20 жылдан бери биринчи жолу акциялардын баасы бир күндө дээрлик 10 пайызга төмөндөдү. Европанын негизги баалары орто эсеп менен 5 пайызга түштү, ал эми Орусиянын биржалары ачылган да жок. Америкада башкы Доу Жоунс ачылганда 700 упайга түшүп, кайра жарымына көтөрүлдү. Кечээ америкалык акциялар беш жылдагы эң чоң жоготууга учураган. Өнүккөн өнөр жайлуу Жетилтиктин финансы министрлери жана борбордук банк башчылары Вашингтондо кризисти тизгиндөөнү чукул жыйында талкуулаганы жатат. Бишкекте КМШ өлкөлөрү да бул глобалдык кризиске каршы күчүн бириктирүүгө макулдашышты.

XS
SM
MD
LG