Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:23

Ар бир залкар шайырдын чыгармачылыгында көзү өтүп кетсе да артында “Ачыла элек сандыктагы бычыла элек кундуздай” болгон угармандарга, окурмандарга белгисиз түрдүү сырлары улама шекилдүү айтылып калат тура. Алсак, айтылуу Калык Акыевдин калдайган калкы менен келбес жайга кеткенине 55 жыл толсо да, жумурай журт, адабиятчылар ыр берметтерин сабалата төккөн төкмө акын, дастанчы, комузчу катары гана жакшы билишет. Ал эми 1949-жылдан Какем о дүйнөгө сапар алган 1953-жылдын ноябрь айына чейин бир үйдө бирге жашаган, кара чечекей келини, кайнатасынын чыгармаларынын үч томдук жыйнагын түзүп, басмадан бастырып чыгарган, профессор, академик Магрифа Рахимова алиге чейин көпчүлүк окурмандар, угуучулар билбеген Калыктын жалгыз акындыгы жөнүндө көп маалыматтарды айтты.

- Чындыгында кайнатам бала чагынан эл арасында ырдап, дастан айтып, комуз чертип, сабатсыз гана төкмө акын, дастанчы, комузчу катары таанылып келген. Ошонлуктан, мурунку, кийинки муундар а кишинин жазгыч акын экенин билишпей эле, жөнөкөй төкмө акын катары билишет жана билип келүүдө. Кийин мен атамдын калтырып кеткен материалдарын, кол жазмаларын карап, окуп чыкккандан кийин чыныгы жазгыч акын экени далилденди. Эч бир мектепке барбай, биринчи класстан окубай “А” деген арипти билбей, өзүнөн-өзү сабаттуу болуп алганын Кудайдын кудуретинин бергенинен болгон го деп ойлойм. Атам алгач араб тамгасын, андан кийин латын тамгасын үйрөнүп, алар менен ырларын, дастандарын жазып, кийин аларды чийип салып, орус тамгасы менен жазгандарын окуп таң калдым. Ошентип, атам бүт ырларын, айткан дастандарын, жомокторун кагаз бетине жазып, бизге жеткирди. Ошондуктан атамды жазгыч акын деп айтсак туура болот. Мен мектептер үчүн кыргыз оозеки адабияты боюнча түзүлгөн программаны карап чыксам алп акындын чыгармаларын окутуу боюнча алты гана саат берилиптир. Программанын түзүүчүлөрүнө “эмне үчүн Калык Акыевдин чыгармачылыгын окутууга аз саат берилген, - десем, - ал киши төкмө акын да, - дешкенинен кол жазмаларын көргөзгөндөн кийин алар: - А бу киши көрсө жазгыч акын турбайбы. Программанын кийинки басылышында жазгыч акын деп жазабыз – дешти. Эми, ал жазылабы, жазылбайбы ал Кудайдын бир иши. Чындыгында атам жазгыч акын.

-Магрифа айым Калык Акиевдин өзү түзгөн экинчи, үчүнчү томдоруна баатырдык дастандар “Курманбек” баштаган “Жаныш Байыш”, “Кедейкан”, “Шырдакбек”, “Карагул ботом” “Акмөөр” ж.б. дастандарды, жомокторду берген экеcиз. Алардын ар бирин Калык акын өз-өз обондору менен айтчу экен. Тилекке каршы алардын бири да тасмага жазылып алынбаптыр. Бүгүнкү күндө Какемдин кол жазмаларынын тагдыры эмне болду? Академиянын кол жазмалар коруна Мамлекеттик архивге өткөрдүңүзбү?

- Кайнатамдын кол жазмаларын кыргызча айтканда 50 жылдан ашык убакыттан бери сары майдай сактап жүрүп, ары ойлондум, бери ойлондум, анан Улуттук Илимдер академиясынын кол жазмалар фондуна бердим. Атамдын кол жазмаларын албайсынарбы, десем, алар орун жок дешти. Акыры өзүм жакшы билген Мамлекеттик архивге өткөрдүм. Фонд ачтык.

- Калык акын пенде сейрек кезигүүчү укмуштай бир айкөлдүк, боорукерчилик касиети бар экен. Ата-энелери жок жетим балдарды, кыздарды үйүнө алып келип, багып, аларга атын берип, өз баласындай алпечтеп,окутуп, бутуна тургузуп, үйлөнтүп жайлантчу экен. Ушулар тууралуу айта кетсеңиз?

- Биринчиден кайнатам кичинекейинен энесинен жетим калып азап тозокту көп тарткандыктан, экинчиден өзүнүн бир ички дүйнөсүнүн гумандуулугунан боорукерлик, айкөлдүк пайда болду го деп ойлойм. Мен эми өз көзүм менен көргөңдөрүмө токтолуп кетейин. Жолдошум Салмоорбекке 1949-жылы турмушка чыктым. Эки бөлмөлүү үйдө жашап калдык. Осмонкул, Алымкул болуп командировкага кетишет. Келген сайын бирден бала ээрчитип келет. Андан башка айылына Жумгалга барып согушта атасы өлүп, энеси күйөөгө тийип кеткенден кийин чоң энесинин колунда калган Бегайымды алып келди. Андан кийин Күкүш менен Чүкүштү, Кылычбек, Турусбек деген балдарды алып келди. Кылычбек болсо биринчи класста окубай жүргөн бала экен. Мына ушулардын баарын өз баласындай бакты. Чоң казан менен самоор токтобой кайнап турат. Баарына тең атам өзү тамак берет. Кайненем болсо эмнеге текшересиң – деп күлүп койчу. Атам болсо балдарды жанына тегерете отургузуп алып: - Ой айланайындар ичкиле. Эми жакшылап китебиңерди окугула, - дечү. Азыр ким айтат китебиңерди окугула деп. Кийин Кылычбегибиз айыл чарба институтун бүтүрүп жакшы кызматкер болду. Анан Айна болсо бир жагынан жээн да болуп кетет. Ал мединститутту бүтүп, Таласка турмушка чыкты. Бегайым болсо кийим тигүүчү болду. Алар турмушка чыкканда атам өлүп калды. Анан атам: "Ай жетимдер ыйлап калбасын. Жетимдерди таарынтпагыла," - деп басса-турса дайыма айтуучу. Чындыгында атамдын гумандуулугу укмуштай эле.

P.S. Калык Токтогулдан акындыктын таалимин, үлгүсүн, нускоосун алуу менен бирге устатынын обондорун, ырларын, айткан дастандарын, уламалуу китептерин, санжыраларын, куудулдугун, күүлөрүн да үйрөнгөн. Ал Токтогулдун “Сары Барпы”, “Торгой менен Турумтай”, “Тогуз кайрык”, “Элүү айы”, Токтогулдун “Ботою” аттуу ж.б. ондогон кара сөз, ыр, обон, күү коштолуп бири-бири менен тутумдашкан айтым күүлөрдүн автордун өзүндөй чертүүгө жетишкен. Маселен Калык Токтогулдун ылдамдатылган жүрүшкө, күргүчтөгөн кубаттуулукка жеткенде “Токтогулдун ботою, Токтогулдун ботою” деп ырдап бир нече жолу кайталап, комузда колун түрлөнтө чертип, күүнүн ыргагы менен башындагы топусун бирде желкесине, бирде кабагына, бирде көзүнө түшүрө ойнотуп, өңүн кубултуп, күүнүн ажарын ача чертчү экен.

Кара жаак, жез таңдай атыккан төкмө, жазгыч акын, дастанчы, комузчу Калыктын элдик секетпай менен күйгөңдүн үлгүсүндө жазган ондогон ашыктык ырларына айтылуу обончулар Жумамүдүн Шералиев, Бектемир Эгинчиев, Жумакадыр Айтбаев, Абдрашит Бердибаевдер да обондорду чыгарышкан. Айрыкча, Ж.Шералиевдин Калыктын Кеңеш доорундагы жаштардын гүлдөгөн турмушуна арналган “Жаштар ай” аттуу ырына чыгарган обону өз кезегинде улан, кыздардын ооздорунан түшүрүшпөй ырдаган ырларына айланат.

Ж.Шералиев:
“Жаштар ай”

Сөзү Калыктыкы, обону Ж.Шералиевдики

Жайлоонун жашыл гүлүндөй,
Жаңы ачылган жаштар ай,
Жарык нурлуу турмушта,
Багы ачылган жаштар ай.

Жолбор мүчө айбаттуу,
Жоо качпаган жаштар ай,
Өлкөсүндө нур балкып,
Гүлү ачылган жаштар ай.


Калык акын өзү да обон чыгарчу экен. Алсак “Татына”, “Көрүнүп койбойсуңбу” сыяктуу ашыктык ырларынын обонун да, сөзүн да өзү чыгарыптыр.

“Акишим”

Сөзү, обону Калыктыкы

Ала-Тоо кыргыз уруудан,
Акишим эмгек сулуудан,
Жаратылган сыяктуу, -
Алкымың таңдын нурунан.
Алдыга өттүң жарышта,
Эмгектин балбан уулунан.

Талпынтып бойду терметкен,
Тартынбаган эмгектен,
Талаанын гүлүн жайнатып,
Тагындың шуру берметтен.
Комуздун күүсүн таңшытып,
Кошулуп чапсам мен кетмен.

Мына ушундай ар тараптуу шыктагы айтылуу Калык Акыевдин туулган күнүнүн 125 жылдыгына карата ысымын алып жүргөн көчөгө жакын арада жаркына, элесине арналган айкели тургузулмакчы.

Сүрөттө: Калык Акиев казак эл акыны Жамбыл Жабаев менен
XS
SM
MD
LG