Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:05

20:00 К. Райымкул уулу: Исмаил Исаковдун кызматтан кетүү тууралуу чечими атуулдук эрдик


Коомдук парламенттин мүчөсү, “Ак Жол-5” уюмунун жетечиси Касымбек Райымкул уулу “Азаттыкка” Коопсуздук кеңештин катчысы И. Исаковдун соңку кадамын жана ал баштаган “Жаңы Кыргызстан” партиясынын чечимдерин кубаттай тургандыгын билдирди. Топ-топ болуп бөлүнүп, бийлик талашпай, баардык прогрессивдүү жарандар Бакиевди кулатуу үчүн эле эмес, өлкө келечеги үчүн жабыла кам көрүү керектигин айтты. Ыңкылаптан кийин өлкөдө система алмашпагандыктан Кыргызстан азыркыдай кризиске кептелип калганын белгиледи. “Жаңы Кыргызстан” партиясынын айрым мүчөлөрү азыркы системада иштеп көрүштү, мүчүлүштүктөрдү билишет, эми аларды бул системаны алмаштырууга чакыруу зарыл, деди К. Райымкул уулу. Бүгүн Коопсуздук боюнча кеңештин катчысы Исмаил Исаков президенттин саясатына макул эместигин билдирип кызматтан кеткендигин жарыялаган. Бишкекте бир катар эл аралык жыйындар болуп өткөндүгүнө байланыштуу президенттин маалымат кызматы азырынча муну комментарийлей элек. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG