Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:19

Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Жакында орусиялык өкүмөт башчысы Владимир Путин кол койгон токтом негизинде үстүдөгү жылы өлкөгө 3 миллион 400 миң гастарбайтер келиши үчүн уруксат берилген. Анализчилер байкашынча чет элдик жумушчулардын санын чектөө базар экономикасынын шартында оңунан чыкпай турган көрүнүш. Ошондуктан ага чек койбоо керек. Ошого карабай кийинки, 2009-жыл үчүн да Орусия 4 миллион гастарбайтерге квота бөлүп атканы маалым болууда. Эксперттер болсо кийинки учурда каржы базарларынын урашы андай дымакты жокко чыгарат деп айтышууда.

«Труд» гезити жазганга караганда «үстүдөгү жылдын этегине дейре өлкөдөгү ишкердик менен алек болгон компаниялардын 50 пайызында массалуу түрдө кишилерди иштен бошотуу болот». Жумушчуларды көп кыскартуу боюнча алдыга чыккан компания Магнитогордук металл чыгаруучу комбинат экенин жана анын тизмеси боюнча азыр 3000 адам ишсиз калып атканын «Газета» басылмасы жазат.
Мына ушундай катаал кезең болуп атканда орусиялык бийликтин чет өлкөдөн келип иштөөчүлөр катарын көбөйтүү туурасында кийинки жылга квота бекитиши акылга сыйбаган жорук дешет анализчилер. Маселен адам укугун коргоочу Лидия Графованын ою ушундай:

«Бүгүн өлкө момундай кризиске дуушар болуп турганда квотанын көбөйтүлүшү саал, маселенин көзүн көрбөгөндүк».

7-октябрдa президент Дмитрий Медведев өзүнүн чечими менен кайсы бир банктарга 950 миллиард рубль насыя каражат бөлгөн. Каржы базарларынын урашы дагы эле оңолбогондо, 10-октябрда ал системадагы абалды тескөө максатта Мамдума шашылыш түрдө дагы 86 миллиард доллар акча бөлдүрдү. Ал күнү Маскөөдөгү каржылык ММВБ жана РТС биржалары өзгөчө буйрук болгонго дейре деген аныктама менен такыр жабылып калды.

Бийлик өкүлдөрү чет элдик жумушчуларды ишке алуу боюнча квота бөлүүнү – буга дейре Орусияда жашырынып жүргөн 10 миллондой мыйзамсыз мигранттарды ачыкка чыгаруу максатта жазалып атат дешет. Дагы бирөөлөр өлкө элинин саны азайганга байланыштуу кошумча эл табуу амалы деп айтышат.
Кандай болгон күндө да чет элдик жумушчулар абалы оорлой тургандыгын талдоочу Михаил Делягин кеп салат. Андай жагдай биринчи кезекте, азыр 90 пайызга дейре иши токтоп, банкротко учураган курулуш комплексттеринде болуп атканын белгилейт.

"Ошол себептен бул күндөрү бери дегегде төрт миллион мигранттар ишсиз көчөдө калышат, алар социалдык жактан камсыз кылынган эмес, орусиялык шаарларында алар кантип жашоону да билишпейт. Ошол себептүү эми ири шаарлардын тургундары мурда болуп көрбөгөн катуу кылмыштуулук менен кагылышууга дуушар болушат», - деп каңкуулайт Делягин мырза.

Орусияда биринчи кезекте курулуш ишкердигинин гүлдөп өсүшү кризис эпкини чалгандан соң кантип жалп эткенин 7-октябрда The Washington Post жазат. Ал жерде Орусиялык бирден бир Mirax Group компаниясынын деректирлер советинин жетекчиси Сергей Полонскийдин: «ишке кирет деп турган долбоорлордун 80 пайызын токтотуу чечимин кабыл алдык» - деген жообун мисал келтирет.

Муну талдоочулар каржылык базарларын кыйраткан, банктар системасын ураткан жана орусиялык экономиканын башка бөлүктөрүн да көтөрөм кылып бараткан глобалдуу кризистин бир жышаны деп айтышууда.
XS
SM
MD
LG