Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:13

14:05 Словакия кырсыктан жапа чеккендерге жардамга келди


Бүгүн Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы Таалайбек Кыдыров Словакиянын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик катчысы Ольга Альгаерова менен жолугушту. Анда Словакия Алай районундагы жер титирөөдөн кыйрап калган Нура айылынын жапа чеккен тургундарына 100 миң доллар өлчөмүндө жардам берери кабарланды. Андан тышкары жер титиреген жердеги абал менен таанышкандан кийин жардамды көлөмү көбөйтүлүшү мүмкүн экендиги айтылды. Бүгүн Словакиянын Тышкы иштер министрлигинин каржылыгы менен Ала-Арча капчыгайында тоодо куткаруу боюнча борбор ачылат.(BD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG