Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:23

БИШКЕК САММИТИ: ПРЕЗИДЕНТТЕР КМШ КЕЛЕЧЕГИНЕ ИШЕНҮҮ МЕНЕН ТАРАШТЫ


Келерки жылы көз карандысыз мамлекеттер шериктештигин Молдова башкарат. КМШнын 10-октябрда өткөн Бишкек саммити ушундай жыйынтыкка келди. Башкаруу укугу Кыргызстанга берилген уюмдун быйылкы саммити аптанын олуттуу окуяларынын бири болду.

Кыргызстан төрагалык кылган КМШнын быйылкы саммитинде 19 маселе талкууланып, анын ичинен шериктеш мамлекеттердин 2020-жылга чейинки экономикалык өнүгүү стратегиясынын долбоору кошумча иштөөгө кайтарылды. КМШнын азыркы төрагасы, Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев саммиттин жыйынтыгы боюнча уюштурулган маалымат жыйынында бул маселени президенттер талкуулаган башкы маселелердин бири катары атады:

- Протокол боюнча бир жарым саатта бүтүшүбүз керек эле, сиздер көңүл бурсаңыздар керек, биздин сүйлөшүүбүз эки саатка созулуп кетти. Башкача айтканда, мамлекет башчылары бул маселеге жандуу, калыстык менен, кызыгуу менен көңүл бурушту. Албетте, башка маселелер да өтө кылдат талкууланды. Ошондуктан, биз созуп жибердик. Мен сүйлөшүү пайдалуу, конструктивдүү болду деп ойлойм.

Расмий маалыматтар боюнча, саммитте каралган он тогуз маселенин ичинен келерки жылы артыкчылык берүү макулдашылган энергетика, транспорт жаатындагы кызматташтык башкы маселелердин катарында саналды. Маселен, энергетикалык кызматташтыкка өзгөчө маани берүү, бара-бара энергетика боюнча бирдиктүү мейкиндик түзүү Кыргызстан менен Казакстандын демилгесинин негизинде ишке ашууда. Бул тууралуу бир күн мурун саммитке даярдык боюнча тышкы иштер министрлер кеңешинин отуруму маалында уюмдун аткаруучу катчысы Сергей Лебедев билдирген болчу:

- Токтогул суу сактагычында суу деңгээлинин азайышы Кыргызстанда энергетика проблемасы бар экендигин көрсөтүүдө. Мындай проблемалар кошуна өлкөлөрдө, башка өлкөлөрдө, Кавказда да бар.

Энергетикалык кызматаштык кандай багытта ишке ашары тууралуу саммиттеги талкуунун мазмуну кеңири жарыяланган жок. Ошол эле мезгилде саммит кеңейтилген отурумга транспорт жаатындагы кызматташтыкты башкы маселе катары чыгарды. Документ Орусиянын транспорт министри Игорь Левитиндин жетегинде иштелип чыккан:

- Жумушчу топ иштеп чыккан транспорттук стратегия долбоорунда транспорт боюнча интеграциялык жараяндын КМШ аймагындагы азыркы ахыбалы чагылдырылган. Транспорт саясатындагы макулдашылган стратегиялык багыттар аныкталды. Бул – эл аралык транспорттук коридорлордун тармактарын координация жасай турган органдарды түзүү аркылуу калыптоо, транспорттун ар кандай түрлөрү боюнча өз ара аракеттенүү деңгээлин көтөрүү, КМШдагы темир жол транспорт тармагын өнүктүрүүнүн концепциясын иштеп чыгуу, тарифтер боюнча саясаттын натыйжалуулугун көтөрүү, автомобилдик ташууларда фискалдык-административдик тоскоолдуктардын тескери таасирлерин четтетүү, - деди Игорь Левитин.

КМШ мамлекет башчылары экономикалык багыттагы кызматташтыкка ык койгон ушундай документтерди талкуулап, бул маселелерге басым жасаганы менен, талдоочулар Бишкек саммитин президенттердин уюмду толук кандуу иштөөгө кудуреттүү уюм экендигин далилдөө далалаты катары баалап жатышат. Мындай көз караштардын пайда болушуна Грузиянын КМШ курамынан чыгуу демилгеси болду.

Бул тууралуу өз пикирин “Азаттыкка” орусиялык талдоочу Аркадий Дубнов билдирди:

- Бул саммит Грузиянын КМШдан чыкканына карабастан (ал арыз бергенден баштап бир жылдан кийин, келерки жылдын 18-августунан баштап ишке ашат), КМШ виртуалдык структура катары жашарын көргөзгүсү келди. Мага КМШ өлөбү деп көп суроо беришет. Мен жашап жатканын өзгөчө көрсөтпөгөн уюм өлүшү мүмкүн эмес деп жооп берем. Жашоо белгисин өзгөчө деле көрсөткөн эмес.

Талдоочулардын кыйла бөлүгү КМШнын бошоң тартышы Түштүк Осетия менен Абхазияга болгон мамиледен байкалып калгандыгын айтып жатышат. Маселен, бул эки аймакты тааныган Орусияны КМШдагы мамлекеттердин бири да колдогон жери жок.

КМШ саммитинин алдында аткаруучу катчы Лебедев бул жагдайдын себебин түшүндүрүү аракетин жасады:

- Бул тема ШКУнун 28-августтагы саммитинде, ЖККУнун 5-сентябрдагы Москва саммитинде талкууланган жана бул тууралуу маалымат каражаттарында айтылган. Мен билгенге караганда, Абхазия менен Түштүк Осетиянын көз карандысыздыгын таануу ыктымалдыгы жөнүндөгү чечимди КМШнын ар бир мүчөсү өз алдынча чыгарышы керек деген бүтүм чыгарылган. Бул ар бир өлкөнүн эгемен укугу. Эч кандай жамааттык чечим кабыл алынган эмес жана мен азырынча мындай чечим кабыл алуу планы бар экендиги тууралуу уккан жокмун, - деп билдирген Лебедев саммит алдында өткөн тышкы иштер министрлеринин жыйынынан кийин.

Талдоочу Аркадий Дубнов мындай чечимди КМШ эле эмес, ЖККУ же ШКУ алкагындагы кайсы бир мамлекет жакынкы жылдары кабыл аларына ишенбейт:

- Тоолуу Карабакты тааныбаган Армения кантип Түштүк Осетия менен Абхазияны тааныйт? Дүйнөлүк коомчулуктун сынына кабылгысы келбеген Армения арабөк тура тургусу келет. Преднистровие проблемасы бар Молдова да тааныбайт. Эмне үчүн Преднистровие өз алдынча субъект боло албайт деген маселе турат. Борбор Азия эмне үчүн кармалууда? Кандайдыр бир деңгээлде бул таанууну тааныбай жаткан эл аралык коомчулуктун баасын кармануу аракетин жасоодо. Анткени, бул аймактык бүтүндүктү таануу укугун бузуу болуп саналат. Борбор Азия мамлекеттери мындай пикирге укуктуу. Анын үстүнө алар Кытайга кылчакташууда. Тибет, Тайвань проблемасы бар Кытай Түштүк Осетия менен Абхазияны тааныбайт.

Мына ушундай жагдайларды эске алган талдоочулар КМШнын кубатын арттырууга ириде кызыкдар болуп, чапкылап жатат деп жатышат. Ушундай көз карашын кыргызстандык талдоочу Марс Сариев билдирди:

- Грузиядагыдай прецендент Орто Азияда башталса, Орусия өзу да чачырай баштайт. Ушуну түшүнүп калды. Ошондуктан, Орусиянын саясаты да өзгөрүп атат.

Ал эми талдоочу Аскар Мамбеталиев Орусия башында турган КМШ Кыргызстанга зыяндан башка пайда алып келбейт дейт:

- Биздин кармап турган көзүрлөрүбүздөн гидросерсурстар калды, алтын калды, демократиябыз калды. Анан “Манастагы” авиабаза калды. Эгер буларды Россиянын пайдасына сүрүп жиберсек кийин биздин ага керегибиз жок болуп калат.

Талдоочу Грузиянын чыгып кетишин толугу менен кубаттайт. Ал КМШнын боосу ушуну менен эле бекип каларына да ишенбейт. Коомдук-саясий чөйрөдө мындай көз караштардын жаралышына Грузиядан тышкары саясий кризиске кириптер болуп турган Украинанын, президенттик шайлоо өткөнү турган Азербайжандын Бишкек саммитине катышпай калышы түрткү болду.

Ошол эле мезгилде КМШ жетекчилиги уюмда тароо коркунучу бар деген божомолдорду кескин четке кагышты. Маселен, аткаруучу катчы Сергей Лебедев КМШ жоюлат экен деген сөз эч кандай негизсиз деп эсептейт:

- Шериктештик алкагындагы кызматташтыкты өркүндөтүү жөнүндө сөз болуп жатат. Проблеманын татаалдыгына карабастан сүйлөгөндөрдүн бири дагы шериктештиктин мындан аркы сакталышынан шек санаган жок. Ал эмес чыгып сүйлөгөндөр жамааттык биримдиктин күчү менен гана экономикалык жана саясий кырдаалдагы көптөгөн кыйынчылыктар жеңилерин нечен курдай айтышты. Сөз КМШнын жашар-жашабасы жөнүндө эмес, кантип натыйжалуу кылуу керек, ар бир мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн кантип жакшыртуу керек экендиги тууралуу болду.

Ошентип, КМШнын Бишкек саммитинин уюштуруучулары анын келечегине ишенүү менен тарашты. Муну алар келерки аткарыла турган иштер менен далидөөнү көздөшүүдө. Келерки саммити төрагалык милдетти алган Молдовада келерки жылдын 9-октябрда өтөт. Быйыл болсо Кишиневдо өкмөт башчылары чогулганы турат. Жакындашуунун дагы бир аракети катары КМШ бул саммиттке 2009-жылды жаштар жылы деп жарыялады.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG