Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:34

Канымгүл Элкеева, Бишкек Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээлин өкмөт жарыкты маал-маалы менен өчүрүү жолу менен толтурууну туура тапты. Бирок эксперттер жарыкты өчүрө баштагандан тартып экономикага чыгым көбөйгөнүн айтышууда. Адистердин атайын эсептөөсүнө караганда, мындай өчүрүү улана берсе келерки жылдын март айына чейин чыгым 685 миллион сомго жакындайт. Эсептөөдө жоготуу көбүнчө өндүрүш тармагында жана бизнес чөйрөсүндө байкалаары айтылган.

Экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев жарыкты убагы менен өчүрүү экономикалык, психологиялык, социалдык жактан да кризиске алып келет деп эсептейт:

- Экономикалык кризистин эң негизги көрсөткүчтөрү - жарыкты маал-маалы менен өчүрүү. Себеби, кандай гана график болбосун, ал графиктер кандай гана так болбосун, бул иштеп аткан ишканалардын, өнөр-жай өндүрүшүнүн, кызмат көрсөтүү тармагында иштегендердин ишине тоскоолдук көрсөтүүдө. Алар ала турган кирешесинен кур калып, алардан бюджетке түшө турган акча түшпөй калууда. Эгер ал акча түшпөй калса, кайра эле бюджеттик мекемеде иштеген адамдардын айлык акысын берүү маселеси келип чыгат. Ушунун бардыгы бир убакта үзгүлтүккө учуроодо. Бул сөзсүз түрдө экономикалык, психологиялык, социалдык жактан да кризиске дуушар кылууда.

Ал эми Корея инвестициялык корунун жетекчиси, экономика илимдерини доктору Жумакадыр Акенеев өкмөт электр энергиясын үнөмдөп баштагандан тартып өлкөгө инвестерлордун келиши соолгундаганына токтолду:

- Бул жалпы эле экономика, анын ичинен инвесторлорго да таасирин тийгизүүдө. Жарыкты маал-маалы менен өчүрүүнү көрүп алып дароо айнып жатышат. Чакан мекеме ачабыз дегендер “силерде жарык стабилдүү бериле баштаганда келебиз” деп, эч нерсе иш жасабай эле кетип жатышат. Иштеп жаткандар да муздаткычтары иштебей, продукциясы бузулуп, зыян тартабыз деп жөн эле жаап коюп кетүүдө.

Шаар тургуну Марат жарык менен бирге светофорлор да өчүп, жол кырсыгы көбөйүүдө деген пикирде:

- Көпчүлүк жерлерде унаалар тыгынга кабылып, айдоочуларга деле, жөө жүргөн жүргүнчүлөргө деле оор болууда. Жарык болбогондуктан светофорлор иштебей, кырсыктар да көбөйүүдө. Кээ бир светофорлор иштебеген жерге МАИ кызматкерлери да убагында келбей, кечигишет.

МАИ кызматынын жол коопсуздугу жана профилактика жүргүзүү бөлүмүнүн башкы инспектору, милициянын майору Бейшенбек Молдаканов мындай ойго кошулбайт.

- Мен ага кошула албайм. Анткени, статистика жол кырсыктары көбөйдү деп деле көрсөткөн жок. Балким, айрым жерлерде гана бир-эки машине кагылышып, кайра кетип калышкандыр, а балким, МАИ кызматкерлерин чакырып, маселени жеринде чечип, чыгымдарын эсептеп кетишкендир. Анан жарык өчөөрү менен кырсыктар көбөйүп, адамдар каза болду деген нерсе жок. Тогуз айдын жыйынтыгы менен 2007-жылы 3351, 2008-жылы 3161 жол кырсыгы катталган. Бул өткөн жылдан 6% аз дегенди билдирет.

Ошол эле убакта Бейшенбек Молдаканов жарыкты маал-маалы менен өчүрүү МАИ кызматкерлеринин ишине тоскоолдук кылып жатканын айтат:

- Бирок бизге абдан тоскоолдук болууда. Анткени, инспекторлордун көбү жол эрежелерин аныктоо, көзөмөлдөө иши менен алектенбей эле светофор өчүп калган жерлерде, кесилиштерде иштеп жатышат. Андан сырткары да башка жол эрежелерин бузгандар арбын.

Бишкек шаарынын дагы бир тургуну Зулфия Рысбай кызы жарыкты өчүрүүдөгү графиктердин дал келбегенин, анын айынан турмуш-тиричилик техникаларынын жарактан чыкканын айтат.

- Электр кубатын өчүргөндө өкмөт анча-мынча нерселерди эске албай жатат деп ойлойм. График деп коёт, бирок график боюнча өчпөйт. Жакшына иштеп жаткан муздаткычым күйүп кетти. Буга окшогон бир эле менде эмес, көп болсо керек. Бир эле турмуш тиричилик техникага эмес, моралдык, психологиялык таасири бар деп ойлойм. Кичине нерседен пайда көрөбүз деп адамдарга бир топ зыян алып келгенин өкмөт азыр болбосо да, кийинчерээк түшүнүп калышы мүмкүн.

Ал эми Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлиги ЮСАИД менен бирдикте жарыкты маал-маалы менен өчүрүү Кыргызстандын бюджетине канча чыгым алып келгенин эсептеп чыгышкан. Анын жыйынтыгы боюнча, келерки жылдын март айына чейин жоготуу 4,5%, тактап айтканда, 685 миллион сомго жакындайт. Эсептөөдө жоготуу көбүнчө өндүрүш тармагында жана бизнес чөйрөсүндө байкалаары айтылган.
XS
SM
MD
LG