Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:27

10-октябрда Бишкекте Күнкорсуз мамлекеттер шериктештиги менен ЕврАзия экономикалык кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын саммити өттү. Чөлкөм кызматташтыгына шарт түзчү алдагыдай уюмдардын иш натыйжасы кандай? “Азаттыктын” “Бетме-бет” талкуусунун бул жолку катышуучулары, саясат таануучулар Токтогул Какчекев менен Жыргалбек Турдукожоев мына ушул суроого жооп издешмекчи.

- Аймактык, чөлкөмдүк көп эле уюмдар бар. Ошолордун ишине ичи чыкпагандардын сыны көп эле айтылат. Токтогул мырза, Күнкорсуз мамлекеттер шериктештиги, ЕврАзес сындуу уюмдардын таасири өлкөлөрдүн турмушуна тийип жатабы же бул мамлекет, өкмөт башчыларынын бир чогулуп, баарлашып кетчү кечесине эле айланып кеттиби?


Токтогул Какчекев: - КМШ түзүлүп аткандагы Орусиянын а кездеги тышкы иштер министри А.Козыревдин, президент Б.Ельциндин саясаты Орто Азия менен Кавказ республикаларынын өз алдынча өнүгүп кетишине кызыкдар эмес болчу. А кезде “кимге барса ошого барышсын, ортодо уруш болбосо болду”, деген саясат үстөмдүк кылган. В.Путин башкарган 8 жыл ичинде мурунку кубаттуу Орусия мамлекетин түзүү саясаты бир кыйла өзгөрдү. Орусиянын бооруна мурдагы өлкөлөрдү тартуу, кубаттуу мамлекет түзүү Түштүк Осетия менен Грузия урушунан кийин кыйла күчөдү. Грузия менен Орусиянын урушу дүйнөлүк сынга учурагандан кийин көпчүлүк саясатчылар мурдагы бири-бирин жакшы түшүнгөн республикаларга карата бурулуп, мынабу Бишкекте өткөн саммит да жаңыча нукта карала баштады. Ошондуктан Орусия Камбарата ГЭСине акча бөлүүгө макул болуп, Белорусия жылына 500 трактор жыйнай ала турган заводду ачууга киришүүдө. Экономикалык алака-катыш жакшы нукта баратат. Бул саясаттын келечеги чоң. 2020-жылга чейин бирдиктүү иштей турган экономикалык стратегияны бизге сунуштап олтурат.


- Жыргалбек мырза, бир туугандык мамиле дейин десек, мына уюмдан Грузия чыгып кетти. Украинанын деле бул уюмга мүчө болгонуна кубанганын сезе элекпиз. Уюмдун келечеги кандай болушу мүмкүн?


Жыргалбек Турдукожоев: - КМШ мурунку СССР урандысында түзүлгөн. Ал өз алдынча болуп кеткен республикалар ортосундагы мамилелерди жаңы деңгээлге көтөрүш үчүн түзүлгөн. Мына андан бери 17 жыл өттү. Уюм өзүн актай алдыбы деген суроо өзүнөн өзү туулат эмеспи. Актаганын азырынча көрө элекпиз, актай алган жок. Ал өзү мамлекет башчыларынын жолугушуусуна шарт түзгөн кечеге айланып кеткен. Албетте, айрым маселелер чечилип жатат. Мисалы, миграция маселеси. Бирок андай маселелер КМШ алкагында эмес эки тараптуу келишимдер аркылуу деле жөндөлчү маселе. Ошондуктан КМШ өз милдетин аткара алган жок. Андан Грузия чыгып кетти. Украинанын чыгары белгилүү болуп калды. Анын тагдыры чечилип, бүгүн-эртең кулай турган структура.

- Токтогул мырза, КМШ мурдагы союздук республикалардын тынч, чырдашпай ажырашып кетиши үчүн эле түзүлгөн. Мурда чогуу бир үйдө жашаган республикалардын өз алдынчалыгына жетишүүсү тынч өтсүн деген ниетте уюшулган уюм, деген пикир да айтылып келатат. Антишке негиз барбы?

Токтогул Какчекев: - Албетте, негизи бар. Мурунку КПСС тушунда деле айрым бир агымдар анын ичинде болгон. Улутчул, интернационалисттик, анан да социал-демократиялык. Демократтар КПССти өзгөртөбүз дешкен. Улутчулдар минтип отурса кийин СССР жалаң ортоазиялыктардан гана туруп калат. Орустун наны менен темирин, жыгачын пайдаланып өнүгүп жатышат, дешкен. Чынын айтканда, үч славян улутунун жетекчилери мурдараак өткөн референдумдун жыйынтыгына карабай СССРди таратып ийишкен. Алар башка республикалар өз алдынча жашай алышпайт, эртең эле алдыбызга келет деп ойлошкон. Экономикалык абалы аркыл өлкөлөрдүн а кезде бири экинчисине жардам беришке мүмкүндүгү жок болчу. Биздин өлкөлөрдү саясатка жөндөмү жок, бийликти жакшы көргөн адамдар башкарып келатышат. КМШ өлкөлөрү деле дүйнөлүк экономикалык системага кирген. Либералдык экономика деп алар өздөрүнүн улуттук жүзүн, өз алдынчалыгын жок кылып алышы толук мүмкүн.

- Жыргалбек мырза, КМШ өлкөлөрүнүн интеграциясынын жай жүрүп, алака-катнаштын жакшы жүрбөй жатышын айрым байкоочулар уюмдун орток идеясынын, атап айтканда, демократия институттарынын чабалдыгына байланыштырып келишүүдө. КМШ демократия жолуна түшсө байланыш-катыш мындан да мыкты болот беле?


Жыргалбек Турдукожоев: - КМШ мамлекеттеринин жалпы принциптери жок. Анын үстүнө алардын деңгээлдери да бирдей эмес. Мисалы үчүн, айрымдары демократиялык жол менен өнүгүү багытына түшсө, мисалы, Украина, калгандары, айталы, Казакстан Орусиянын жолоюн жолдоп жатыр. Өзбекстан болсо авторитардык режимдин туткунунда. Экономикалык жагынан да булар бир кылка эмес. Мүчө өлкөлөр демократияны колдобостон, тескерисинче Орусиянын авторитардык башкаруусун Казакстан менен Кыргызстан өзүнө киргизүүдө. Мунун негизинде, бир кылка болбогондуктун натыйжасында, кадим И.Крыловдун тамсилиндегидей бири тоого, экинчиси чөлгө, үчүнчүсү көлгө тартып жатат.

- Токтогул мырза, демократиянын чабалдыгы уюмга мүчө өлкөлөрдүн карым-катышына чоң жолтоо болууда, деген пикир айтылып келатат. Сиздин пикир кандай?



Токтогул Какчекев: - Капиталисттик өнүгүүнүн өзү орток ой-пикирлерди, жалпы идеяны чыгара албайт. Мына айталы, Батыштын мыкты окумуштуулары либералдык экономика өзүн-өзү жөндөй турганын, ага мамлекет тарабынан кийлигишүүнүн кереги жоктугун айтып келишкен. Каржы кризиси баарын өзгөрттү. АКШ өкмөтү аны токтотуш үчүн 700 миллиард доллар акча бөлүүдө. Кризис Батыш өлкөлөрүнө да жетти. Эми ал бул жакка да тарап келатат. Капиталисттик мамлекет мамлекеттик капитализмге айланып 700 миллиард доллар берип жатат. Европа 59 миллиард доллар бөлүп жатат. Макс Вебер айткандай, адам укугу капитализмде жөнсалды түшүнүккө айланып, капитализм күчтүү, камбыл ырайымсыз адамдардын коому экенин ырастоодо.

- Жыргалбек мырза, сөз экономикалык кризиске ооп кеткенден сизге бир суроо. Ушу тапта Батыш өлкөлөрү каржылык кризистен чыгуунун арга-амалын чогуу-чаран чечүүдө. Ушундай жагдай түзүлүп калса КМШ, ЕврАзЭШ өлкөлөрү ошондой иш жасай алышабы?


Жыргалбек Турдукожоев: - Буга оң жооп бериш кыйын. Уюмдун буга чейинки жасаган иши андайга жооп бере албайт. Антишке кудурети да жетпейт. КМШ өлкөлөрү эчен экономикалык оорчулуктарды башынан кечирип келатат. Ошондо бири экинчисине кол сунганын көрө элекпиз. Ар бири кысталыш жагдайдан өзүнчө чыгып келатат. Каржы кризиси бизди каптаса дайныбызды таппай калабыз. Кечээки саммитте президенттер каржы кризисин оозго албай, кайсы бир уюштуруу маселелеринин тегерегинен чыга албай коюшту. Учурдагы экономикалык орчун проблемалар, андан кантип чыгуу зарылдыгын саммит катышуучулары негедир талкуулашкан жок.

- Токтогул мырза, КМШ өлкөлөрү, ЕврАзЭШ мүчөлөрү орток маселелерди чогуу-чаран чечише алабы?

Токтогул Какчекев: - Чогуу-чаран чечиши кыйын. Балтика боюндагы мурдагы советтик республикаларды айтпай эле коелу. Орто Азия менен Кавказ республикаларында бийлик башчылары алмашпай келатат. Жалгыз А.Акаев качып кетип Кыргызстанда бийлик алмашылды. Жаныбыздагы коңшуларды карагыла. Азиялык өкүмзор башкаруучулуктун салты дагыле кете элек. Анын үстүнө менчиктештирүү маалында социализмден калган мүлк кайсы бир бийлик төбөлдөрүнүн жакындарына тийип, чириген байлар чиренип чыга келбедиби. Биздин коңшу түрк тилдүү республикалардын деле ичара ынтымагы жок. Бири экинчисине экономикалык ыдык көрсөтүп турат. Илгерки Кокон, Хива хандыктары, Бухара эмирлиги, султандардын чабышы өткөн тарых десек, азыркы 21-кылымда деле бири экинчисине кырдысынуу токтоло элек. Анан да бул өлкөлөрдөгү байлардын байлыгы чет өлкө банктарында сакталып, жеке үй-бүлө кызыкчылыктары ошолор менен байланышып жатат. Ошондуктан алар каалайбы-каалабайбы Батыш менен алака-катнаш жасашты улуттук бизнеске айлантып алышты. Эл болсо жакырланып баратат. Мына биздин 1 миллион элибиз Орусияда жүрөт. Алар Американы тандаган жок, Кытайды жактырган жок. Социологиялык изилдөөлөр боюнча Кыргызстандан 72% сурамжыга алынгандар Орусияга кошулууну, 14% Өзбекстан менен кол кармашууну, 12% Казакстанга жан тартып турушат. Жеке кызыкчылык менен коомдук кызыкчылыктын боору Батышка тартылып калган. Мисалга, Орусия ушу азыр килтейген мамлекетин ыктуу башкарышы үчүн ага кеминде 500 миллион калк керек. Калкы болсо 141 миллион. Казакстандын кенен аймагын мыкты өнүктүрүш үчүн ага да 50 миллион калк керек. Ал жерде болсо 15 миллион калк.


- Анда эмесе сөзүбүздү жыйынтыктасак. Сиздерге чоң ырахмат!
XS
SM
MD
LG