Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:45

Минск Европарламенттин Беларуска каршы санкцияларды жеңилдетүү чакырыгын кубаттады


Тышкы иштер министринин орун басары Валерий Воронецкий муну “туура багыттагы кадам” деп атады. Үстүбүздөгү аптада Европарламент Европа Биримдигинин Беларуска каршы киргизген санкциялардын кайра каралып чыгышын сунуштаган резолюцияны колдогон. Анда Беларустун айрым расмий адамдарына, анын ичинде президент Лукашенкага шаркеттин аймагына барууга тыюуу салган чектөөнү убактылуу күчүнөн кетирүү мүмкүнчүлүгү каралган. Шаркеттин тышкы иштер министрлери маселени 13-октябрда талкуулашат деп күтүлүүдө. Беларуска каршы санкциялар өлкөдөгү адам укуктарынын бузулушуна байланыштуу киргизилген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG