Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:07

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти өзбек журналистине чыгарылган өкүмдү айыптады


Радионун президенти Жеффри Гедмин өзбекстандык эркин журналист Солижон Абдурахмановго чыгарылган өкүмдү айыптады. Өзбекстандын соту ага маңзаттарын сактаган деген күнөө тагып, 10 жылга түрмөгө кескен. Укук коргоочулар Абдурахмановдун кесилишин айыптап, ал журналисттик ишмердүүлүгү үчүн жазаланды деп билдиришти. Абдурахманов мурун «Азаттыктын» өзбек кызматынын кабарчысы болчу. Кийинки кездерде көз карандысыз вебсайттарга жазып жүрчү. Гедмин журналисттин соттолушун өзбек бийликтеринин сөз эркиндигин жок кылуу аракети катары сыпаттады.

XS
SM
MD
LG