Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:14

17:10 Нарын облусуна жиберилген көмүрлөр дарегине жетпей жоголууда


Мындай маалыматты Нарын облустук акимчиликтин бөлүм башчысы Ырысбек Шалтаев кышка карата өткөрүлгөн жыйын учурунда билдирди. Маселен, Нарын шаарындагы көркөм өнөр мектебине Кара-Кечеден 78 тонна көмүр жөнөтүлгөн. Бирок бул мектепке 26,5 тонна гана көмүр келип түшкөн. Ал эми Ат-Башы,Ак-Талаа райондорунун бир катар айыл өкмөттөрүндө көмүр тартууга карата өткөрүлгөн тендерди бурмалоого жол берилген же болбосо 2400 сомго коюлган нарк 2600дөн 3200 сомго чейин көбөйтүлгөндүгү байкалгандыктан ишти териштирүү органдарга берилмекчи. 8-октябрга карата бюджеттен көмүр алууга берилген акчалардын 5 миллион 893 миң сому көмүр казган ишканаларга которулуп берилген эмес. (KUs)

XS
SM
MD
LG