Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:43

17:58 Аймактарда экстремисстик багытты көздөгөн диний уюмдар бийликке умтулууда


Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысынын орун басары Канатбек Мурзахалилов Баткен шаарында өткөн дин маселелери боюнча жыйында билдирди. Анда бир эле Баткен облусунда диний объектилердин саны эки жүз кырк экиге жеткени айтылды. Ошондой эле экстремисттик көз караштагы диний уюмдардын айрым өкүлдөрү жергиликтүү кеңештин депутаттык орундарына шайланышканы айтылып, бул алардын экинчи этапка көтөрүлүүсү деп бааланды. Учурда Баткен облусунда мамлекеттик катоодон өткөн 220 мечит, 11 медресе жана 1 ислам институту жана каттоодон өтө элек 20 чакты мечит бар.(SA)

XS
SM
MD
LG