Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:25

“АПТА”: ЭНЕРГЕТИКА ТИЗГИНИ МОСКВАГА КЕТТИ, ОППОЗИЦИЯНЫН ТҮШТҮК ФРОНТУ КҮЧ АЛДЫ


Өтүп бараткан жума Кыргызстандын саясий турмушунда өтө маанилүү окуяларга бай болду. Бишкекке Россиянын президенти Дмитрий Медведев расмий сапар менен келди. КМШ саммити алгачкы ирет Кыргызстанда өттү. Мына ушундай эл аралык деңгээлдеги маанилүү окуяларга аралаш өлкөнүн ички саясатында да өзгөрүү болуп, Коопсуздук кеңештин катчысы Исмаил Исаков президенттин кадрдык, ички жана тышкы саясатына макул эместиктен кызматтан кетерин билдирди. Катуу жер титирөөдөн үйлөрү кыйрап калган Нура айлынын тургундары үчүн суук түшкүчөктү жеңил үйлөр курулууга тийиш.

Кыргызстан энергетикалык коопсуздугунан толук айрылганы турабы?

9-октябрда Кыргызстанга Россиянын президенти Дмитрий Медведев расмий сапар менен келди. Ал Бишкекте кыргыз президенти Курманбек Бакиев менен сүйлөшүүлөр өткөрдү. Анын жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алынып, анда эки тарап бири-бирин стратегиялык өнөктөш деп атады.

Орус президентинин сапары учурунда андан сырткары бажы, тышкы иштер министрликтери ортосунда кызматташуу боюнча документтерге кол коюлду. Энергетика тармагын камтыган келишимдерге ылайык, Кыргызстан Россиянын “Газпром” ишканасына “Кыргызгаздын” 75% акциясын сата турган болууда. Эки тараптын энергетика боюнча келишиминде ГЭСтерди биргелешип куруу каралган. Эгерде тышкы иштер министрлиги жана бажы тармагында кызматташуулар боюнча келишимдер кадыресе көрүнүштөгү келишимдер болсо, “Кыргызгазды” сатуу өлкөнүн энергетикалык коопсуздугуна таасирин тийгизет деген чочулоолор чыгууда.

- Эмне үчүн дегенде биз стратегиялык тармактарбызды кимдир-бирөөнүн колуна өткөрүп берсек, анда албетте көз каранды болобуз.Эгерде башка мамлекеттерге газ, электр энергияны, орчундуу мекемелерде берип койсок, эртең алар каалагандай бизге буйрук бере баштайт. Ошондуктан бул жерде ойлонуп чече турган маселелер көп. Тилекке каршы, жакында бийлик энергетика тармагын Жогорку Кеңешсиз эле чечебиз деген бүтүмгө келишкен. Бул туура эмес деп ойлоймун,-деди Социал-демократиялык фракциянын жетекчиси Бакыт Бешимов.

“Кыргызгазды” менчиктеп алган “Газпром” өңдүү гигант Кыргызстанды газ менен үзгүлтүксүз камсыздоонун кепилдигин арттырышы ыктымал. Бирок “Кыргызгаз” газды буга чейин “Газпромдон” эмес, убагында төлөсө “Узтрансгаздан” үзгүлтүксүз эле алып жаткан да...

Саясат таануучу Валентин Богатырев Кыргызстан азыркы мезгилде Россиядан мунайдын 90% ашуунун алып жатканын, ал эми газ тармагы да Москванын колуна өтсө Кыргызстан чет өлкө өкмөтүнүн көзөмөлүндө каларын эскертет:

-Билесизби, мен дагы буга кооптонуп турам. Анткени биздин мунай рыногунун 90% “Газпром” ээлеп турат. Ага эми газды да берип койсок, анда бул компаниядан толук көз каранды болуп калабыз. Анын үстүнө бул менчик эмес, мамлекеттик компания.Ошондуктан “Газпром” өз алдынча саясат жүргүзө албайт. Ал орус өкмөтүнүн колунда турат. Мына ошентип биз башка өлкөнүн өкмөтүнө толук көз каранды болуп калабыз. Менин көз карашым боюнча, бул өтө коркунучтуу. Биз энергетика тармагын менчик компанияларга берсек туура болмок. Анткени башка өлкөнүн өкмөтүнө караганда менчик компаниялар менен тил табышуу жеңилиреек болот.

Богатыревдун пикиринде, Кыргызстан газ, мунай менен сатып алуунун булактарын диверсификацияласа туура болмок. Бирок Иран мунайын, Түркмөнстан газын алуу багытында алгылыктуу иштер жүргүзүлгөн жок.

Россияга Нарын суусу Өзбекстан, Казакстанды көзөмөлдөө каражаты катары маанилүүбү?

Кыргызстан көп жылдан бери Камбар-Ата ГЭСтерин куруу үчүн Россия жана Казакстандан инвестиция тартууга аракеттенип келет. Бишкек Камбар-Ата ГЭСтерин өзүнүн менчигинде калтырууну жана сууга көзөмөлдү башка өлкөлөргө бербөөгө тырышып келатат. Мына ошонун айынан Казакстан Камбар-Ата ГЭСтерин курууга кызыгуусун басаңдатып, Тажикстанда ГЭСтерди курууга катыша баштаганы маалым.

Ал эми Россия менен ГЭСтерди куруу багытында сүйлөшүүлөр аягына чыга элек. 10-октябрда жетишилген энергетика боюнча келишим да бул маселенин башын толук ачпаганы байкалып турат.
Орус президенти Дмитрий Медведевдин сөзүнө караганда, тараптар ГЭСтерди куруу үчүн акча каражатынын булагын табыш керек экен. Бирок эки президент кабыл алган билдирүүдө узак мөөнөттүк насыянын негизинде ГЭСтерди курууга өзгөчө көңүл бурулат деп жазылган.

Коопсуздук кеңештин мурунку катчысы Исмаил Исаков “Кыргызстан Россияда насыя алып, ГЭСтерди өзү курууга, Нарын суусун өзү көзөмөлдөөгө аракет жасайт” деп сентябрь айында “Азаттыкка” берген интервьюсунда билдирген эле:

-Жаңы ГЭСтерди биз өзүбүз курушубуз керек. Муну президент Курманбек Бакиев так, ачык айткан. ГЭСтерде башка мамлекеттердин үлүшү болбосун, Кыргызстан улуттук кызыкчылыгы болгондуктан, аны колдон чыгаруу туура эмес.

Бирок Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Сапарбек Балкыбековдун айтымында, ГЭСтердин курулуш ишине катышкан Россиянын өзүнүн үлүшү болот:

-Сөзсүз түрдө биргелешкен ишкана болот. Кимдин канчалык үлүшү болору ким канчалык акча таап, канча кошуусуна жараша болот. Тандап алган ишканаларды курууда биргелешип иштейбиз. Ар кимдин үлүшү болот,- деген Сапарбек Балкыбеков Россия Кыргызстандын ГЭСтерин көзөмөлдөйүн деген ойдо эмес экендигин айта кеткен.

Саясат таануучу Валентин Богатыревдун пикиринде, ГЭСтерди куруу боюнча сүйлөшүү жана келишимдер Москванын Нарын каскадын толук көзөмөлгө алуусу менен аяктайт:

-Менин оюмча, бул маселе биздин карызыбыз 2 миллиарддан 4 миллиард долларга жетүүсү жана Россиянын бардык Нарын каскадын толук көзөмөлгө алуусу менен аяктайт. Эч ким бекерге курбайт. Алар бериле турган карызды белек катары көрсөтүп жатат. Бирок ал андай эмес да. Россиянын бизге карыз берүүгө кызыкчылыгы жок. Алар энергетика эле эмес, сууну көзөмөлдөөгө кызыкдар. Эгерде Нарын суусун көзөмөлгө алса суу жагынан Өзбекстанды толук, ал эми Казакстандын түштүк жагын көзөмөлгө алат. Маселенин мааниси мына ушул жакта жатат.

“Жаңы Кыргызстандын” жаңы саясатыбы, же Садыркуловго эле чабуулубу?

Бул жумада коомчулуктун бүйүрүн кызыткан дагы бир маселе - бул президент Курманбек Бакиевдин командасынын ыдырай башташы болду. Президенттин айланасындагы эки команда, бир жагынан администрация башчысы Медет Садыркулов, экинчи жактан Үсөн Сыдыков жетектеген топ көптөн бери тирешип келатканы коомчулукка маалым. Ал тирешүүнүн ачыка чыгып, курчуп кетүүсүнө Борбордук шайлоо комиссиянын мурунку башчысы Клара Кабилованын кайрылуусу жана коопсуздугунан чочуп, мамлекеттен чыгып кетүүсү өтө чоң түрткү берди окшойт. Натыйжада кырдаал тезинен өнүгүп, ал “Жаңы Кыргызстан” партиясынын жаңы лидери Исмаил Исаковдун Коопсуздук кеңештин катчысы кызматынан кетүүсү менен аяктап турат.

Генерал Исаков өзүнүн кызматтан кетүү чечиминин себебин мындайча түшүндүрдү:

-Эң негизи бүгүнкү күндө Элдик ыңкылаптын алдында беш жыл күрөшүп жүрүп, андан кийин чоң аракеттерди жасадык. Бирок элдин койгон талабын бүгүнкү бийлик аткара албай калгандыктан мен ага келишпестигимди билдирип, кызматтан кетүүнү чечтим. Себеп дегенде биз ушул система менен кетсек биз эч качан элдин талабын аткара албайбыз, элдин турмушун жакшырта албашыбызга көзүм жеткендиктен кетип жатам.

“Жаңы Кыргызстан” партиясынын лидери ал жетектеген партия жоопкерчиликти мойнуна алып, жаңы өкмөттү куроого даяр экенин да билдирген.
Азыркы өкмөттү кураган “Ак Жол” партиясынын өкүлү Ажибай Калмаматов Исмаил Исаковдун билдирүүсүнө карата мындай пикирин айтты:

-“Жаңы Кыргызстан” өкмөттү түзөм, жоопкерчиликти мойнума алам десе, анда алгач парламентти алыш керек. Парламенттик шайлоодо жеңишке жетишкен партиянын өкүлдөрү өкмөттү түзүүгө укуктуу. Анан эми Исмаил Исаковдин өкмөттү түзөбүз дегени түшүнүксүз. Бизде конституция бар. Аны сыйлашыбыз керек, Экинчиден, бул саясий жактан туура эмес көз караш деп ойлоймун.

“Жаңы Кыргызстан” партиясы азыркы учурда өтө кыйчалыш абалда турат. Бир жагынан партиянын лидери Исмаил Исаков президент Курманбек Бакиевдин кадрдык, ички жана тышкы саясатына макул эместиктен кызматтан кетип жатканын билдирсе, партиянын өтө таасирлүү жетекчилеринин бири Үсөн Сыдыков президенттин кеңешчиси кызматында, дагы бир лидери Досбол Нур уулу мамлекеттик катчы кызматында кала берүүдө. Ошондуктан “Жаңы Кыргызстандын” максаты, өзгөчө Үсөн Сыдыковдун максаты президенттик администрациянын башчысы Медет Садыркуловду гана кызматтан кетирүү экени айтылууда. Ошондуктан бул максат ишке ашса, “Жаңы Кыргызстан” лидерлери президент айланасына кайрадан баш кошо баштайт деген ойлор бар.

Бирок талдоочулардын пикиринде, Исмаил Исаков өз билдирүүсүндө системдик келишпестиктер жөнүндө айтып, системалык өзгөрүүлөрдү талап кылууда. Ал эми президенттин өзүнүн түзгөн системасын өзгөртүүсү оңой эмес. Эгерде өтө эле кыйчалыш мезгил болбосо. “Жаңы Кыргызстан” партиясынын бул жүрүштөрү президент үчүн жалпы түштүк аймагы боюнча оппозиция түптөлүп жатышы менен кооптуу дейт саясат таануучу Валентин Богатырев:

-Исмаил Исаковду саясатчы катары жетишерлик жогору баалаймын. Бирок анын жеке өзү олуттуу күч болуп кетет дештен алысмын. Анын кадамынан Бакиевге каршы түштүк фронтунун түзүлүшү кооптуу. Ал фронт Бекназаровдун кетишинен башталган эле. Маселе ушул жагынан чоң мааниге ээ жана бийлик үчүн жетишерлик кооптуу ,- деген Валентин Богатырев, “Ак жол” партиясы президент үчүн тирек болуп бериши күмөндүү экенин белгиледи.

Валентин Богатыревдин пикиринде, Ак үйдүн жетинчи кабатындагы келишпестиктер президент администрациясынын башчысынын алмашуусу, кадрдык жаңылануулар менен аякташы ыктымал.

Жер титирөөдөн жабыркагандар суукта кантет?

5-октябрда Кыргызстанда капилет баскан катуу кырсык болду. Жер титирөөдөн Алай районундагы Нура айылы толук кыйрап, 75 адам шейит кетти. Үй-жайсыз калган Нура айылынын тургундарын башпаанек, зарыл буюм-тайым, азык-түлүк менен камсыздоо кандай болуп жатат? Бул маанидеги суроолор менен Өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиевге кайрылган:

“Азаттык”: - Камчыбек мырза, мына Нура айылындагы жер титирөөдөн кийин бардык адамдар үйсүз калды. Аларды там менен камсыздоо кандай болот, суук да түшүп калды?

Камчыбек Ташиев: - Азыр биз Нура айылындагы жер титирөөдөн кийин үч маселени аткаруунун үстүндө иштеп жатабыз. Биринчи маселе, бул ачык талаада калган элди чатыр менен камсыздоо болду. Чатырлар шаарчасын курдук. Ар бир чатырга электр алып кирдик. Аларга жылыткычтарды орноттук. Кошумча мештерди орноштурдук. Көмүр жана отун менен камсыз кылып, биринчи маселени чечтик. Экинчи маселе, кыштан чыгуу үчүн жеңил үйлөрдү тез арада куруууда турат. Анткени алар чатырлар менен кыштан чыга албайт. Президент мага ноябрь айынын орто ченине чейин жеңил үйлөр менен нуралыктарды камсыздоону тапшырды. Ал үйлөрдү биз министрликте өзүбүз даярдайбыз.

“Азаттык”: -Канча андай үй коюлат?

Камчыбек Ташиев: -140 үй алып барабыз. Анын 90 бир бөлмөлүү болот. 50 үч бөлмөлүү болот.

“Азаттык”: Булар туруктуу үй болобу, же убактылуу элеби?

Камчыбек Ташиев: - Булар убактылуу үй болот. Элди кыштан алып чыгуу үчүн. Анан жазында өкмөттүн чечими менен Нура айылын кайрадан толук куруп чыгабыз.

“Азаттык”: - Жеңил үйлөр жетиштүүбү?

Камчыбек Ташиев: Бизде азыр жетиштүү эмес. Жер титирөө болгонго чейин эле мына ошондой үйлөрдү куруу боюнча лицензия алып, үч үйдү куруп койгон элек. Мындай даярдыкты капилет кырсык болуп калат деп көргөн элек. Азыр эми андай үйлөрдү курууну тездетебиз. Үчөөнү болсо Нура айылына жөнөттүк. Эми ал ишти Ош жана Бишкекте Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин базаларында жүргүзүп, тездик кура баштадык.

“Азаттык”: -Жер титирөөдөн жабыркагандан зарыл буюм-тайым, азык-түлүк менен камсыз болдубу?

Камчыбек Ташиев: -Толук камсыз болгон. Кийим кече, тамак-аш берилди. Башында айткандай жылуу чатырлар менен камсыздалды.Эч нерсеге муктаж эмес.

“Азаттык”: -Балдардын окуусу кандай болот?

Камчыбек Ташиев: -Балдарды Гүлчө жана Ошко алып барып, бөлүп-бөлүп окутуу иштери чечилип жатат. 97 окуучу бар экен жергиликтүү бийлик органдары мунун үстүнөн иштеп жатат.

“Азаттык”: -Жазында үйлөр мурда практикаланып келаткандай эле мамлекеттик ссуданын негизинде курулат экен да?

Камчыбек Ташиев: -Жазында курула турган үйлөр эң башкысы жер титирөөгө туруктуу болуп курулат. Азыр кыйрап калган үйлөр эч кандай архитектуралык плансыз эле курулган. Азыр эми план менен жер титирөөгө туруктуу кылып курабыз.Эгерде мурда үйлөр ошондой курулса Нура айылында мынчалык көп киши каза таппайт эле.

“Азаттык”: -Нура айылы чек арада жайгашкан. Ошондуктан аны ошол жерде калтыруунун саясий мааниси да чоң да?

Камчыбек Ташиев: -Туура. Ошондуктан биз Нура айылын көчүрүп кетпейбиз.Тескерисинче, ал жерге бардык инфраструктураларды куруп, жакшы айыл куруп, элди көбөйтүшүбүз керек. Себеби бул биздин Кытай менен чек арабыздан болгону беш чакырымда турган айыл. Чек арага жакын турган эң акыркы айылыбыз.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG