Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:10

АКШ: САРА ПЕЙЛИН ГУБЕРНАТОР КЫЗМАТЫНАН КЫЯНАТ ПАЙДАЛАНГАН ДЕГЕН КҮНӨӨГӨ КАЛДЫ


Республикалык партиянын атынан АКШнын вице-президенттигине талаптанып жаткан Сара Пэйлин губернаторлук кызматынан кыянаттык менен пайдаланган. Мындай тыянакка ал башкарган Аляска штатынын мыйзам чыгаруучулары атайын иликтөөдөн кийин келишти. Пэйлин болсо айыптоолорду четке кагууда.

Этикалык иликтөөнү жүргүзгөн комиссия губернатор анын кол астындагы мамлекеттик адамга кысым көргөзүп, полиция кызматкерин ишинен алдыртууну көздөгөн деген бүтүмгө келди. Сөз болгон полициячы Пэйлиндин бир тууган эжеси менен ажырашып кеткен.

Пэйлиндин шайлоо кампаниясы андай ырастоолорду четке какты. Алардын айтымында, Пэйлин мыйзамдын чегинде аракеттенген.

Текшерүү тартип коргоо органдарынын жетекчиси Уолтер Монегандын кызматынан алынышына байланышкан окуянын айланасында жүргүзүлгөн. Монеган Пэйлиндин сержант Майк Вутенди иштен кетирүү буйругуна баш ийбей койгонун айтат. Вутен өз кезегинде Пэйлиндин эжеси менен ажырашып, соттошуп жүргөн.

Губернатор болсо Монеган бюджет маселесинен келип чыккан чырдан улам кызматынан алынган деп ырастоодо.

Иликтөө офицер мыйзамдуу түрдө иштен алынган деген бүтүмгө келди. Бирок Пэйлин жана анын күйөөсү Монеганга көргөзгөн кысым, штаттын этика жөнүндөгү мыйзамына каршы келет, деп жазылат докладда.

Алясканын жоболоруна ылайык, мыйзам чыгаруучулар губернаторго каршы юридикалык аракет көрө алышпайт. Пэйлиндин мыйзамды бузуп бузбаганын штаттын атайын кеңеши чечет.

Бирок бул доклад шайлоочулар арасында күмөн саноолорду пайда кылып, добуш берүүгө саналуу апта калган учурда Пэйлиндин аброюна шек келтириши ыктымал.

Иликтөө жөнүндөгү суроого жооп берип жатып, республикачыл сенатор Лида Грин жетекчилер кызматынан кыянаттык менен пайдалануу азгырыгына моюн сунбашы керек деди:

-Чоң кызматка отурганда биз дайыма абдан этият болууга тийишпиз. Себеби кандай азгырык болбосун, жеке турмушубузду кеңсенин эшик артында калтыруу зарыл.

Республикачылардын шайлоо кампаниясынын басма сөз өкүлү Меган Стэплтон буларды айтты:

-Биз ошол иликтөөнү карап чыктык. Эң негизгиси Уолт Монеганды иштен алуу менен губернатор кызматынан кыянаттык мнен пайдаландыбы? Анда жок, мыйзамсыз аракет жөнүндөгү далил жок, ал ыйгарым укуктарынын чегинде аракеттенген деп жазылып турат. Демек, доклад аны толугу менен актайт.

Айтмакчы, иликтөө республикачылардын президенттикке талапкери Жон Маккейн Пэйлинди вице-президенттикке тандаганын жарыялай электе башталган.

XS
SM
MD
LG