Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:05

15:25 Ж.Акималиев : Кыргызстанда ар өсүмдүк боюнча адистештирилген планды ишке ашыруу керек


Мындай оюн академик Жамин Акималиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, адистештирилген пландар ишке ашырылса, Кыргызстан айыл чарба продукцияларын мурдагыдай басымдуу эскпорттой турган өлкөгө айланмак. “Убагында биз кумшекер менен өзүбүздү эле эмес, бүтүндөй Орто Азияны камсыз кылчубуз. Эми кумшекерди да жоготтук. Азыр болсо, башкасын айтпаганда да майдын 85 пайызын тыштан алабыз. Биздин дыйканчылык институту мыкты сапаттагы май берчү алты-жети өсүмдүктү өстүрүүнүн жолдорун иштеп чыкканбыз. Бирок айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министрлиги кыймылдаган жок. Кандай болгон күндө да адистештирилген планды жандандыруу керек”, -дейт Жамин Акималиев.(AzK)

XS
SM
MD
LG