Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:43

БАКИЕВ БИЙЛИКТЕН КЕТСЕ ДА, КЕТПЕСЕ ДА СИСТЕМА ӨЗГӨРҮҮГӨ ТИЙИШ


10-октябрда Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы, “Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынын төрагасы Исмаил Исаков кызматынан кетүүгө арызын берди. Ал бул кадамын президент Курманбек Бакиевдин ички, тышкы жана кадр саясаты менен макул эместигине байланыштырып, март ыңкылабынын алдына коюлган үмүт-максаттар ишке ашпай калгандыгын белгилеген. Саясий айдыңда Коопсуздук Кеңешинин мурдагы катчысынын мындай кадамы кызуу талкууга алынып, түрдүү пикирлерди жаратууда.

Коопсуздук Кеңешинин мурдагы катчысы Исмаил Исаков кызматтан кетүүгө арыз берерден бир-эки күн мурун “Жаңы Кыргызстан” партиясы жыйын өткөрүп, анда “Ак Жол” партиясы тарабынан түзүлгөн өкмөттүн ишин катуу сынга алган эле. Жыйындын эртеси күнү “Азаттыкка” маек куруп берген Исмаил Исаков элдин турмушун оорлотуп, өлкөдөгү коррупцияны күчөтүп жаткан “Ак Жол” партиясынын колунан өкмөттү алууга “Жаңы Кыргызстан” партиясы даяр экендигин билдирген:

-Буга чейин “Жаңы Кыргызстан” партиясы “Ак жол” партиясын толугу менен колдоп, парламенттик шайлоодо, өкмөттү курууда аларга биз толук мүмкүнчүлүк бергенбиз. Бирок алар берилген мүмкүнчүлүктү пайдалана албай, кээ бир тармактарда абал кескин начарлап, элдин турмушу оорлоп баратканына байланыштуу көйгөй маселелерди карадык. Эгерде бул өкмөт иштей албаса, биздин “Жаңы Кыргызстан” партиясы жаңы өкмөттү курууга, жоопкерчиликти алууга даяр, -деген Исмаил Исаков.

Аз өтпөй парламентте акжолчу депутаттар анын мындай кадамын сынга алышып, өкмөттү жактабаган адам бийликте да отурбаш керектигин айтып чыгышкан. Алардын бири Бегалы Наргозуев “Жаңы Кыргызстан” парламенттик шайлоо учурунда “Ак Жолду” колдоого алгандыгын, анын негизинде Жогорку Кеңешттен он чакты орунга жетишүү максаты болуп, бирок анысы ишке ашпай калгандыгы үчүн ич күптүүсүн эми чыгарып жатат, деп айтат:

-“Коопсуздук кеңешин башкарып отурган, “Жаңы Кыргызстан” партиясынын генералдык катчысынын кечээки билдирүүсү муну ачыкка чыгарды. Эгер оппозициялык партиялар өкмөттүн ишин сынга алса, кандайдыр бир жагдайда түшүнүүгө болот эле. Бирок кечээ эле өзү аралашып, өзү кошо иштеп келген өкмөттү минтип уйкудан чочугансып сындап калышы –жөнсүз деп эсептейм.

Исмаил Исаковдун кызматтан кетип жатып тараткан билдирүүсүндө Кыргызстанда жалпы башкаруу системасын өзгөртүү зарылдыгы айтылган. Бул пикирди колдоого алган “Бирдиктүү Кыргызстан” коомдук-саясий кыймылынын лидери Амангелди Муралиев президент Курманбек Бакиев бийликтен кетсе да, кетпесе да системаны өзгөртүүгө тийиш, деп эсептейт:

-Чоң системалык реформа керек. Курманбек Бакиев өзү калабы же башка бир президент келеби, баары бир системалык реформаларды жасап, коррупцияны жоюу керек.

2006-жылкы ноябрь митинги бийликтен эң негизги талапты – башкаруу системасын өзгөртүүнү, мамлекетти парламенттик жол менен башкарууга өткөрүүнү талап кылып чыккан. “Акыйкат үчүн” кыймылынын лидерлеринин бири Аликбек Жекшенкулов учурда оппозициялык күчтөрдүн биригүүсү болуп жаткандыгын кабарлап, эгер “Жаңы Кыргызстан” чындап эле системаны өзгөрткүсү келсе, анда аларга да биригүү боюнча сунуштар болорун “Азаттыкка” билдирген. Аталган кыймылдын курамындагы “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин айтуусунда эгер Кыргызстандын келечеги тууралуу партиялардын ой-максаттары дал келишип калса, анда биригүүгө эмнеге болбосун:

-“Жаңы Кыргызстан” партиясынын саясий тарыхы да башка, балким саясий келечеги да биздикинен башка. Бирок өлкөнүн эртеңи, Бакиевден кийин кандай саясий система менен жашайбыз? деген суроонун айланасында пикирлер дал келип калса, биздин көз-караштарыбыз тигил же бул маселе боюнча дал келип калат, деп айтууга эч кандай тоскоолдук жок.

Айрым саясатчылар “Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынын акыркы жыйындагы билдирүүсү, анын төрагасынын мамлекеттик жогорку кызматтан кетүүсү –президенттин айланасындагы экинчи команда –президенттик администрациянын башчысы Медет Садыркуловду кызматтан кетирүү, анын мамлекет башкаруудагы, өлкөнүн ички, тышкы, кадрдык саясаттагы ордун жоготуу максатында гана болуп жаткандыгын, бул болсо системаны өзгөртүүгө таасири тийбейт, деген пикирлерин айтышууда. “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев болсо, президент бүгүн күчтүү басым болуп жатканын сезип турат, деп эсептейт:

-Бул реалдуу кырдаалдан көз каранды. Бакиев бүгүнкү күчтүү басымды элпек сезип турат, ал кимдер менен кайсы казанга барарын акыркы жыл көрсөттү. Эгер саясий кырдаал ушундай болсо, саясий күчтөр бирдиктүү талап койсо, Бакиев аны аткарат, деп ишенем.

Айрым саясатчылар Кыргызстан КМШ саммитин өткөрүп, бакандай эки өлкөнүн башчыларын тосуп-узатуу иштерин бүтүрүп алган соң, эми ички саясий айдыңдагы оюндар кызый баштоосун божомолдоп жатышат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG