Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:18

Жазгул Жамангулова, Чүй ЖК депутаты Руслан Шаботоевдин дарек - дайны чыкпай жоголуп жаткандыктан, Ысык-Ата жана Чүй районундагы анын шайлоочулары, саясий тилектеш жаштар өкүлдөрү жакынкы күндөрдө Өкмөт үйүнүн алдына нааразылык акциясына чыгарын эскертип жатышат. Алар өздөрүнүн депутатынын тагдырына тынчсыздануу билдирип, өткөн жумада өлкө башчысы Курманбек Бакиевге кайрылуу жолдошкон болчу.

Ысык - Ата жана Чүй районундагы Руслан Шаботоевдин жердештери, шайлоочулары - бөтөнчө жаштар күн алыс чогулуп, депутаттын жоголуусуна тынчсызданып жатышат.

-Руслан Шаботоевдин жоголуп жатышы биз үчүн ушунчалык кыйын болуп турат. Биз аны менен ар дайым көзмө-көз сүйлөшүп, жаштардын маселелерин талкуулап алчубуз. Ал бөтөнчө жаштарга көп жардам кылчу,-Р. Шаботевдин жердештеринин бири Азиз Айдаров.

Руслан Шаботоев эл алдында сүйлөгөн сөздөрүндө, маалымат каражаттарына берген интвервьюларында азыркы бийликти ачык эле сындап келген. “Азаттыктагы” соңку маегинде ал “Ак жол” партиясы элди жыргатам деген убадасына турбаса оппозициядагы биринчи саясатчы болорун баса белгилеген болчу.

Депутат Руслан Шаботоевди издөөнү натыйжалуу колго алуу жөнүндө шайлоочулары жана жердештери Президентке кайрылуу жолдошкон. Шаботоевдин дарек дайны чыкпай создугуп жаткандыктан, Ысык-Ата жана Чүй районундагы жаштар жакынкы күндөрдө Өкмөт үйүнүн алдына нааразылык акциясына чыгарын эскертип жатышат.

Ысык-Ата районунун акими Болот Кененбаев өз кезегинде Шаботоевдин шайлоочулары жол тосуу, митинг өткөрүү сыяктуу иш чараларга алар барышпайт деп ишендирүүдө.

30-сентябрдан бери дайынсыз болуп жаткан ЖК депутаты Руслан Шаботоевдун изделиши өтө солгун. Эгерде укук коргоо органдары чындап издөөгө киришпесе, анда саясий чечим чыгарууга аргасыз болобуз деп эскерткен СДП лидерлеринин бири Бакыт Бешимов. Ага улай эле Жогорку Кеңештин Коргонуу, коопсуздук, тартип, соттук-укуктук реформа комитети депутат Руслан Шаботоевду издөөнүн жагдайы менен жабык эшик артында таанышып, издөө аракеттерин күчөтүү тууралуу токтом кабыл алган.

Сүрөт "Азаттыктын" архивинен алынды
XS
SM
MD
LG