Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:14

Ооганстандын коопсуздук күчтөрү 40 чакты талип козголоңчуну жок кылышты


Бул тууралуу өлкөнүн бийликтери билдиришти. Талиптер коопсуздук күчтөрүнүн Лашкар Гах шаарынын жанындагы базасына чабуул коюшкан. Салгылашуу түн ортосунда башталып, 3 саатка созулган. Ага НАТОнун аба күчтөрү да тартылды. Ооган расмий адамдарынын маалыматына ылайык, аскерлердин арасында жабыркагандар жок. Бирок бул маалыматты жана канча талип өлтүрүлгөнүн башка булактар тарабынан бышыктоо мүмкүн эмес.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG