Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:19

Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндөгү биржаларда көрсөткүчтөр кескин ылдыйлап кетти


Европа жана АКШнын каржылык рыноктору дем алыш күндөрү жабык болду. Бирок Жакыңкы Чыгыштагы биржалар ачык жана ал жерде индекстердин төмөндөөсү уланууда. Дубай, Кувейт, Абу Даби, Оман жана Израилдеги, ошондой эле Сауд Арабстандагы биржадагы көрсөткүчтөр кескин ылдыйлап кетти.

Бул аралыкта Европанын лидерлери глобалдуу финансылык кризиске байланышкан чараларды координациялоо үчүн бүгүн Парижде чогулушту.
Кечээ болсо Эларалык Валюта кору, өнүккөн 7 мамлекетти жана бир катар негизги өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн башын бириктирген “Жыйырманын тобу” финансылык кризисти жөндөө үчүн биргелешип кызматташууга үндөштү. 20 өлкөнүн расмий өкүлдөрү Вашингтондо билдирүү кабыл алып, финансылык рыноктогу стабилдүүлүктү камсыздоо үчүн бар аракет жумшалат деп ишендиришкен эле.
Топко Чоң Жетиден тышкары Россия, Бразилия, Кытай, Индия кирет. Сөз болгон өлкөлөргө дүйнөлүк экономиканын 85 проценти туура келет.
Кечээки жыйынга америкалык президент Жорж Буш катышты.Эларалык валюта корунун жетекчиси Доминик Строс-Кан банктарды кайрадан кредит берүүгө көндүрүү үчүн өкмөттөр көбүрөөк чара көрүүгө тийиш деп белгиледи.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG