Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:12

5-октябрдын түнүндөгү зилзаладан кыйраган Алай районунун Нура айылынын 156 тургуну Ош облусунун аймагындагы үч ооруканага тик учак менен жеткирилген. Алардын бирөөсү операциядан каза болуп, жыйырмасы сакайып чыгып, үйлөрүнө кайтарылды. Ооруканада калгандардын ичинен төрт-бешөөнүн абалы дале оор бойдон калууда.

Ош облустук ооруканалар бирикмесинин директору Токтомамат Абдымомунов «Азаттыкка» маалымдагандай, кырсыктан жабыркаган Нура айылынын 157 тургуну 6-7-октябрда аймактагы үч ооруканага жеткирилген. Алардын 104 бала, калгандары чоң кишилер эле. Тилекке каршы, 17 жаштагы Фарида Темирбек кызы операциядан кийин каза тапкан. 20 окуучу сакайып калгандыктан, үйлөрүнө кайтарылды.

Ооруканада калгандар 5-октябрдагы түнкү түрү суук кырсыкты эстегенде каңырыктары түтөп, ден-бою титиреп кетет. Нура айылында тигүүчү болуп иштеген Асылзат Асранкулова түнкү кырсыкта кулаган үйдүн ичинде калганда агасы чыгарып алып сактап калган экен:

- Турайын десем дубал кулап келе жатат. Үйдүн үстүнкү дубалы айрылып кеткен экен. Ошол жерден чоң агам чыгып, берки агамды болсо тартып, берки жакка келип шиферди балталап, бизди тартып алды. Менин эсим ооп калды. Бир топтон кийин эсиме келсем КАМАЗ менен Эркештамга алып барды. Ал жакта эки күн жаттык. Ал жерде бизди карап жатышты. Доктурлар жакшы карап жатышты. Азыр шишиктерим кайтып, башым жакшы болуп калды.

63 жаштагы Бурул Жамшитова дарыгерлердин жакшы кароосунан улам сакайып калганын айтты:

- Алып келишти. Доктурлар жакшы карап турушту. Башым ооруп, желкем тырышып келдим эле эми жакшы болуп калдым. Калгандардын өмүрү, көрөр күнү ичер суусу бар экен, бечаралардын. Өлгөнү өлдү, калганы калды какшап. Эми бул жерде отуруп алып биз билбей жатабыз. Бир үй-бүлөөдөн сегиз адамга чейин кайтып кетишти. Эми мындай кырсыкты эч кимге салбасын.

Небереси менен ооруканада жаткан ардагер мугалим Кишимжан Аматова Нура кыштагына 5-51-01 номерлүү шаардык телефон орнотулгандыгын эми угуп жаткандыгын, 6-октябрдан бери күйөөсү, бала-чакасы менен байланышууга мүмкүнчүлүк болбой кыжаалат болуп тургандыгын айтып көзүн жаштады.

Ош облустук ооруканалар бирикмесинин директору Токтомамат Абдымомунов зилзаладан жабыркаган оорулууларга бардык шарттар түзүлгөнүн, күн сайын үч маал ысык тамак менен камсыз этилгендигин, ал эми алыскы Нура кыштагында дарыгерлер тобу туруктуу иштей тургандыгын билдирди.
XS
SM
MD
LG