Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:36

7:30 Жер титирөөдөн жабыркагандардын абалы тууралуу маалымат алуу оор болууда


Чукул кырдаалдар министрлиги жана облустук бийлик тарабынан жер титирөөдөн жабыркагандар менен байланышуу үчүн орнотулуп берилген түз телефон иштебей жатат. Мындай нааразылыктар менен “Азаттыкка” кайрылган угармандар Нурадагы туугандарынын бүгүнкү абалы тууралуу маалымат ала албай жаткандыгын айтышууда. Ош шаарынын коду менен чыгуучу 5 -51-01 номурундагы телефонго “Азаттыктын” кабарчылары да байланышка чыга алышкан жок. Райондун акими Жумаш Калыбаевдин айтуусунда Ош шаары менен байланыш жакшы эле болуп жатат.
Учурда кырсык болгон жерди дүйнө менен байланыштырып турган жалгыз ушул телефон. Аймакта мобилдик байланыш кызматынын бири да иштебейт. Алай районунун Нура айылы кыргыз-кытай чегарасынан 5 чакырым аралыкта жайгашкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG