Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:37

12:10 Cабактан качып кылмышка аралашкан балдарды мектепке кайруу боюнча ИИМ чара көрөт


Ички иштер министрлиги 15нен 20-октябрга чейин бул жаатта ири ыкчам-профилактикалык иш-аракеттерди жүргүзөт. Аталган министрликтин маалыматына ылайык 2008-жылдын тогуз айында балдардын алты жүзгө жакын кылмыш иши катталган. Алардын жетимиш пайызына мектеп окуучулары же дагы башка окуу жайларда окуган балдар кириптер болгон. Кылмышка барган балдардын дээрлик жарымы бакубат эмес үй-бүлөдөн чыккан. Ушул жылы эле ата-энелик укугунан ажыратуу тууралуу отузга жакын материал сотко жөнөтүлгөн. Маалыматтарга ылайык өлкөдө үч миңдей жетим бала бар, жарым миндей жеткинчек сабатсыз, эки жарым миңдей бала социалдык жактан начар шартта тарбияланып жатат. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG