Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:41
19-октябрда Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда ШКУга мүчө мамлекеттердин эл аралык экинчи Ысык-Көл кинофестивалы башталат. Уюштуруучулар билдиргендей, фестивалга 16 мамлекеттен 131 тасма келип түшкөн. Анын баарын белгилүү киноишмер Жалил Сооданбек башында турган комиссия карап чыгып, жыйынтыгында 13 толук метраждуу тасманы тандап алышкан. Уюштуруучулар кабарлагандай, фестивалдын жүрүшүндө борбордогу кинотеатрларда жана кино үйүндө чет элдик кинорежиссерлордун тасмалары сунушталып, көрүүчүлөр фильмдин авторлору менен баарлашканга мүмкүнчүлүк алышат.

17-октябрда орус драма театры 74- театралдык сезонун ачат. Театр күйөрмандарына Карло Гальдонинин пьесасына коюлган “Мейманкананын кожоюну” спектаклинин премьерасын тартууламакчы. Мындан сырткары Нил Саймондун, Джон Патрик жана башка авторлордун жана Мар Байжиевдин “Кылмыш окуясы” спектакли тартууланат. Ошондой эле мода жумалыгы өтүп, театралдык кийимдердин көргөзмөсү уюштурулат.

Жалал-Абад облусунда “Кылым муза” продюсердик борбору тарткан “Анар жолу” тасмасы сунушталууда. Фильмде бир чыгармачыл инсандын турмуш-жолу чагылдырылат. Аны менен өлкөдөгү өнөропоздордун жашоосу да берилет деп кабарлады, аталган борбордун жетекчиси Айбек Карымов.

Улуттук китепканада Тенти Адышеванын чыгармачылыгына арналган “Ата журтун акын кызы” аттуу китеп көргөзмөсү өтүүдө. Анда Адышеванын чыгармачылык жолун чагылдырган материалдар, котормолору коюлган. Ушул эле китепканада ишемби күнү жаш акындардын поэзия кечеси өтөт. Ага “Оту өчпөгөн талант ордосунун” мүчөлөрү, жаш акындар катышат.

Гапар Айтиев атындагы Улуттук сүрөт музейинде Роза Жангарачеванын жеке көргөзмөсү өтүүдө. Анда кыл калем чеберинин живопись жанрындагы эмгектери коюлган. Ал эми 14-октябрда Владимир Горовойдун жеке көргөзмөсү ачылат. Анда сүрөтчү интарсия технологиясында иштелген эмгектерин көрүүчүлөрдүн сынына коет.
XS
SM
MD
LG