Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:30

14:35 Ноокаттагы чыр-чатак боюнча кылмыш иши козголду


Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти. Аталган мекеменин маалымдашынча, 1-октябрда Ноокат районунда орун чатак боюнча Кылмыш кодексинин “массалык баш аламандык” жана “бирөөнүн мүлкүн атайылап талкалаган” деген беренелер боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө- опреативдүү чаралардын жүрүшүндө республикада тыюу салынган “Хизб-ут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмдун активдүү 32 мүчөсү кармалды. Алар Орозо айт майрамын белгилөө учурунда чыккан баш аламандыктын уюштуруучулуры жана активдүү катышуучулары деп табылды. Ошондой эле массалык чатакка 67 мектеп окуучусу катышканы аныкталды. Учурда ИИМ, прокуратура жана УКМК тарабынан тиешелүү тергөө чаралары жүрүп жатат. Үстүбүздөгү жылы 1- октябрда Ноокатта Орозо айт майрамын райондук борбордун башкы аянтында белгилөөгө уруксат берилбегенине нааразы болгон 100 чакты адам акимчиликтин имаратынын биринчи кабатына кол салып, анын айнектерин талкалап салышкан эле. Ал эми өткөн аптада президент К.Бакиев Ноокат районунун мамлекеттик администрация башчысын кызматтан алуу тууралуу жардыкка кол койгон.(MSu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG