Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:23

“ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ ЖАНА ДООР”: МОЛДОБАСАНОВДУН “МАНКУРТ БАЯНЫ”


Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк окурмандардын алкоолоруна алынган “Саманчынын жолу”, “Кылым карыткан бир күн” аттуу чыгармаларынын негизинде залкар дирижер, айтылуу композитор, СССРдин эл артисти, Социалисттик эмгектин баатыры, СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Калый Молдобасанов “Саманчынын жолу” балет-ораториясын, “Манкурт баяны” аттуу балетти жазат. Кабарчыбыз Балбай Алагушов мындан он жыл мурда атактуу композитор менен Айтматовдун чыгармачылыгынын музыкалуулугу, “Манкурт баяны” аттуу балетинин жазылышы жөнүндө баардашкан.

1998-жыл. 19-январь. Жашы, жолу улуу болсо да жандай курдаш болуп жүргөн айтылуу дирижер, атактуу композитор, эл артисти Калый Молдобасановдун Токтогул көчөсүндө жашаган үйүнө атайы барып Калый акенин алдына үн жазгыч аппаратымды коюп, көздөрү өтүп кеткен залкар шайырларды эскерип отурдук. Ан ал өзүнүн сөзүндө чыгармачылык тагдыры, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын өзөгүндө жазган “Саманчынын жолу” балет-ораториясы, “Манкурт баяны” аттуу балетинин жазылышы, өзгөчөлүктөрү, Чынгыз аганын чыгармаларынын музыкалуулугу тууралуу да кеп болгон эле.

- Мен дүйнөнү дүңгүрөткөн алп жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына кайрылган себебим, улуу жазуучунун чыгармаларына кайрылган себебим, улуу жазуучунун чыгармаларынын баардыгы музыкалуу,-деп айткан эле К. Молдобасанов. - Мен жазуучунун тигил, же бул повестин, романын окуганымда, музыка жазып жатканымда кайсы окуяга кандай музыка, кайсы кейиптерге кандай музыка, кандай бий менен бийлерин көз алдыма элестетип, көрүп, билип турам. Мен “Манкурт баяны” аттуу балетти жазууда жарым кылымча издендим. Ары-бери ойлондум. Акыры Манкурттун тилин таптым. Анан балетти жаза баштадым. Менден жолдош жоролор, көрүүчү-угуучулар: “Кайсы балетиңди жакшы көрөсүң” дешип сурашат. Сөзсүз биринчи баламдай болуп калган элдик музыканын өзөгүндө жазган “Куйручукту” жакшы көрөм. Ал эми “Саманчынын жолу” балет-ораториясы башка стилде, балет өнөрүндө болбогон жанрда жаздым. Манкурттун трагедиясы кылымдын кайгысы. Ошондуктан бул балетимдин музыкасында башка стилде жазууга аракеттендим. Чынын айтсам “Манкурт баяны” аттуу балетимди жакшы көрөм. Эгерде аны жакшылап койсо өтө мыкты балеттердин биринен болмок. Ырас, мүмкүңчүлүктөр бар. Ошондой болсо да “Манкурт баяны” “Саманчынын жолу” балет-ораториядан музыкасы күчтүү. Кыргыз угуучу-көрүүчүлөрү жакшы кабыл алышты.
XS
SM
MD
LG