Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:55

17:15 К. Кабилованын видеокайрылуусуна байланыштуу Өмүрбек Текебаев суракта болду


“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин билдиришинче ал бүгүн Башкы прокуратурага чакырылып, Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы төрайымы Клара Кабилованын видео кайрылуусу боюнча козголгон кылмыш ишке байланыштуу көрсөтмө берди. Тергөөдө Текебаев 22-сентябрда Кабилова менен жолукканын айткан. Кабилова ал жолугушууда Ишенбай Кадырбековго байланыштуу БШКнын чечиминен кийин кандайдыр бир саясий оюндар башталып, ага кысым көрсөтүлүп жатканын билдирген. 25-сентябрда эртең менен бейтааныш жигит Текебаевге Кабилованын укук коргоо органдарына жана коомчулукка жарыялоо үчүн даярдалган видео кайрылуусун алып келип берген. Ошол күнү кечинде “Акыйкат үчүн” кыймылы жыйын куруп, эртеси эртең менен маалымат жыйын өткөрүшкөн. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG