Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:29

17:25 Таластын Бейшеке айылында 7 талапкер нааразылык билдиришүүдө


Айылдык кеңештин депутаттыгы үчүн ат салышкан 7 талапкер менен бирге Бейшеке айылынын №8 шайлоо округунан коюп, өтпөй калган талапкер Сатыранкул Бапышев шайлоо учурунда ар бир шайлоо участкада 300-400дөн ашыкча бюллетендер добуш берүүчү кутучуларга салынгандыгын айтып, бул боюнча актылар да түзүлгөн дейт. Шайлоого 70 пайыз эл келди деген шайлоо комиссияларынын берген маалыматтары туура эмес, болгону 20 пайызга жетпеген эл катышты, деп кошумчалады “Асаба” партиясынын райондогу төрагасы Сатыранкул Бапышев. Ал дагы жогоруда айтылган оюндун баарын райондун акими Сартбек Эшалиев уюштурган жана бүгүнкү учурга чейин райондук шайлоо комиссиясынын төрагасы Анатай Момбеков бул тууралуу эч кандай чечимин чыгарбай качып жүрөт дейт. Ал эми райондун акими мындай дооматтарды четке кагып, шайлоо калыс, тынч өткөнүн “Азаттыкка” маалымдады. (UA)

XS
SM
MD
LG