Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:59

17:28 Ноокатта массалык баш-аламандык уюштурган делген топтун 31 мүчөсү кармалды


Ош облустук ички иштер башкармалыгынан маалымдашкандай, Ноокатта тыюу салынган “Хизб-ут Тахрир” партиясынын 10 лидери жана 21 активдүү мүчөсү кармалды. Аларга 1-октябрда райакимчиликтин алдында массалык баш-аламандыкты уюштурган, жашы жетелек өспүрүмдөрдү кылмыш жасоого аралаштырган жана мамлекеттик мүлктү талкалаган деген айып тагылууда. Аты-жөнүн атоодон тайсалдаган 1-октябрдагы акцияны уюштуруучулардын бири укук коргоо органдарынын айыптоосун четке кагып, Орозо айт күнү Ноокат райакимчилигинин алдына чыккан 1000 чакты мусулман конституциялык укугун талап кылышкандыгын, аларды милиция уруп-согуп тараткандыгын билдирди. (ATo)

XS
SM
MD
LG