Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:11

17:30 Чегараны бузуп өттү деген эки өлкөнүн жарандары алмашылышы мүмкүн


Атайын кызматтар Өзбекстанда 25-сентябрдан бери кармалып турган кыргыз жаранын коңшу мамлекеттин атуулуна алмашып алууну сүйлөшүүдө. Мындай маалымат облбийликтин өкүлү Муса Эргешовдон алынды. Өткөн айда Аксы районуна кирип келген өзбек чек арачылары жергиликтүү Дүйшөн Досматов аттуу адамды өзүнүн «Мерседес» автоунаасына күчтөп киргизип, колу-бутун байлап алып кетишкен. Аны арачылап калууга аракет кылган Тоорук айлынын тургундарын өзбек жоокерлери асманга ок чыгаруу менен жакындатышкан эмес. Ага жооп иретинде айылдыктар өзбекстандык Шавкат Ахаковду автоунаасы менен кармап алган. Ал Тоорук айлында уруксатсыз жүргөн. Райондун акими Аскербек Алиев буга чейин өзбек тарабы кармалган кыргыз жаранына кылмыш ишин ачканын, ал эч жакка кетпөө талабы менен кийинчерээк бошотулганын, бирок автоунаасы кайтарылып алына электигин билдирген эле. (YA)

XS
SM
MD
LG