Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:26

АШЫРААЛЫ АЙТАЛИЕВ ДҮЙНӨ САЛДЫ


Бүгүн 13-октябрда көрүнүктүү төкмө акын, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Ашыраалы Айталиев дүйнөдөн өттү. Ашыраалы Айталиев обончу-ырчы, дастанчы да эле. Анын аракети менен Кыргызстанда жаш төкмө акындардын, манасчылардын мектеби ачылган.

Ашыралы Айталиев 1927-жылы Кант районундагы Жедигер айлында туулган. Акындын ырга болгон кызыгуусу мектепте окуп жүргөн чагынан эле башталат. Ак таңдай акын Ашыралы Айталиев кыргыз рухий көркөм дүйнөсүнүн келечегине кам көрүп, кийинки мезгилде Кыргызстанда жаш төкмө акындардын, манасчылардын мектебин ачууга көп жан үрөдү.

Маркумдун шакирттеринин бири төкмө акын Жеңишбек Токтобеков:

“Жөнөкөй эле бир адам – бир аалам” деген кеп бар. Ал эми Ашыкем болсо акындардын арстаны болуп атса, ал киши жөнүндө кыска убакытта айта коюш оңой эмес. А кишинин дүйнө салганын укса, казак туугандар да чоң кайгыга батат. Себеби Ашыкем казак боордоштордун да сүйүктүү акыны болчу. Кыргыз эли дагы бир залкарынан ажырады..."

Ашыралы Айталиев төкмөлүк менен биргеликте ырчылыкты, дастанчылыкты да өнүктүрүп келди. Улуу таланттын “Жылкычы”, “Нарындан жазган салам кат”, “Ак шоокум”, “Оюнда кимдин гүлүсүң” жана башка ырлары элдин сүйүктүү ырлары болуп, элге сиңип кетти. Кыргыз эл акыны Майрамкан Абылкасымова Ашыралы Айталиевдин ырчылык-аткаруучулук өнөрүнө токтолду:

"Ашыкем өзгөчө “Карагул ботомду” аткарганда залда ыйлабаган киши калчу эмес... “Кызылчачы Зууракан”, “Чабан кыз”, “Сагынам” деген ырларды кандай аткарчу! Ашыкемдин карыр-карыганча үнүнүн тазалыгы, шаңы өчкөн жок."

Ашыраалы Айталиев менен төкмө акын, кыргыз Эл артисти Тууганбай Абдиев чыгармачылык сапарда чейрек кылымдан бери үзөңгүлөш болуп келишти:

"Ашыкем менен 1959-жылдан, 49 жылдан бери шаардабы, айылдабы, концерт коюп талаада болобузбу – чогуу болуп келдик. Жашы улуу болсо да, жаныбыз бир курбу элек. Минтип 81-82 жаш эмес, 180 ге чыкса да, Ашыкемди өлүмгө кыйбас элем..."
XS
SM
MD
LG