Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:13

КЫРГЫЗСТАНДЫН СПОРТЧУЛАРЫ БИРИНЧИ АЗИЯ ОЮНДАРЫНА АТТАНЫП КЕТИШТИ


Бүгүн 14-октябрда Кыргызстандын чакан спорттук делегациясы Индонезия өлкөсүнүн Бали аралында өтө турган жээкте ойнолуучу спорт түрлөрү боюнча I Азия оюндарына аттанып кетишти.

Индонезия өлкөсү үч миңдей аралдан турат. Ошонун он үчү чоң арал болуп саналат. Ошондой аралдардын бири Балиде жээкте ойнолуучу спорт түрлөрү боюнча I Азия оюндарын 18-октябрдан 26-октябрга чейин өткөрүүгө кызуу камылга көрүлүүдө. Бул алгачкы оюндарга Кыргызстан да расмий чакыруу алып, алына, каражатына жараша спортчулары жөнөп жатышат.

Спорттун жээкте ойнолуучу 17 түрү боюнча I Азия оюндарына кыргызстандык спортчулардын турак жайын, аккредитациялык каттоосун, жашоо-шартын, уюштуруу иштерин камдап туруу үчүн өлкөнүн Улуттук Олимпиада комитетинин башкы катчысы, Жеңил атлетика федерациясынын президенти Канат Аманкулов баштаган чакан штаб мүчөлөрү бүгүн Балиге жөнөп кетишти.

-Балиге жээкте ойнолуучу спорттун бардык түрүнөн команда алып бара албашыбыз бештен белгилүү. Биз спорт агенттигине волейбол (2 оюнчу), кум үстүндөгү футбол, бодибилдинг, кум үстүндөгү күрөш жана сууда сүзүү түрлөрүнөн спортчуларды иргеп, мыктыларын алып баралы деп сунуш кылганбыз. Алар каражатына карап, күрөш жана сууда сүзүү спортуна токтолду. Кыргызстандын намысын алгачкы Азия жээк оюндарында коргогону 4 балбан жана 2 суучул алар эртең 15-октябрда аттанып кетишет,-деди Канат Аманкулов.

Алгачкы Азия оюндарында Кыргызстандын намысын коргой турган спортчулардын ысымдарын күйөрмандарга маалымдап коелу. Алардан кум үстүндөгү күрөшкө грек-рим күрөшү боюнча Азиянын эки жолку чемпиону, 15-Азия оюндарынын коло байге ээси Данияр Көбөнов, жаштар арасында дүйнө жана Азия чемпиону, 15-Азия оюндарынын коло медаль ээси Жанарбек Кенжеев, Азия чемпионаттарынын жеңүүчүлөрү Султан Мухтаров менен Асылбек Бөдөшев катышат. Адистердин айтымында алар байгелүү орундарды ээлейт деген ишеним бар. Себеби, Данияр Көбөнов менен Жанарбек Кенжеев быйылкы Бээжин олимпиадасына жолдомо албай арманда калып, намыстанып турган учуру. Жаш балбандар Султан Мухтаров менен Асылбек Бөдөшевдин да дымагы күчтүү.

Ал эми сууда сүзүү мелдештери атайын бассейнде өтпөй, кадимки деңизде марафондук жарыш болот. Ошондуктан Азия чемпионаттарында байге алып жүрүшкөн, Бээжин олимпиадасынын катышуучулары Василий Данилов менен Юрий Захаров 5 жана 10 км сууда сүзүү марафондук жарышында өз күчтөрүн сынап көрүүгө бел байлашууда.

-Балбандар да, суучулдар да багын сынап көрүшсүн, бул оюндардын өзгөчөлүктөрүн байкап көрөлү дедик. Айрыкча төрт балбандан үмүт чоң. Себеби кум үстүндөгү күч сынашуу грек- рим күрөшүнө абдан окшош экен. Ошондуктан төрт балбан тең байгелүү орундарга жетет деген ишеним бар, - дейт Улуттук Олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралинов.

Грек-рим күрөшү боюнча Азиянын эки жолку чемпиону, 15-Азия оюндарынын коло байге ээси Данияр Көбөнов Бали аралында кум үстүндөгү күрөштө дагы күчүн, багын сынап көрүүгө бел байлап, дурус даярдык менен баратканын “Азаттыкка” билдирди.

Мындан сырткары спорттук байланыштарды да чыңдоо үчүн өлкөнүн дене тарбия, спорт, жаштар саясаты жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Александр Войнов да жөнөп жатат.

Азия аймагындагы спортту өнүктүрүү маселелери, эмдиги жылы Сингапурда өтө турган жаштар арасындагы Азия оюндарынын шарты, программасы да Балиде талкууга алынып, көп көйгөйлөрдү чечүү аракеттери көрүлөт.

Кум үстүндөгү айрым оюндар эл аралык Ысык-Көл оюндарынын программасына да кирип, мелдештер өткөрүлүп жүрөт. Биринчи Азия оюндары Ысыккөл жээгинде да спорттун ушул түрлөрүн өнүктүрүүгө өбөлгө болсо деген тилек. Балким өлкөнүн улуттук олимпиада комитетинин Борбор Азия же Шериктеш өлкөлөрдүн жаштары арасында көл жээгинде ойнолуучу оюндарды өткөрүү демилгеси да колдоо табаар.

Керемет Ысык-Көл турганда спорттун бул түрлөрүн өнүктүрүүгө шарт да, ыңгай бар, бирок эң негизгиси спорт жетекчилеринин аракетине, демилгесине гана байланыштуу.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG