Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:54

Европанын өкмөттөрү каржы системасына ишенимди чыңдоого жана банктарды сактоого аракеттенүүдө


Бул үчүн банктарды куткаруу боюнча миллиарддаган долларлык пландар сунуш кылынууда. Маселен Германиянын өкмөтү бүгүн 650 миллиард доллардык жардамды жактырды. Ал Франциянын билдиргенине караганда, алардын куткаруу планы алкагында сарпталуучу акча 490 миллиард долларга жетет.

Мунун алдында Британия өлкөнүн ири банктарына 37 миллиад фунт же 64 миллиард доллар инвестиция саларын билдирген. Бул иш өкмөт каржы системасын куткаруу боюнча өткөн аптада жарыялаган 500 миллиард фунттук куткаруу планынын алкагында жасалат.

Ал эми кечээ бирдиктүү акча - еврону колдонгон 15 өлкөнүн лидерлери банк кризисине каршы жарнакташып чара көрүүнү макулдашып, ири каржы институттарынын биринин да кыйрашына жол берилбей турганын убада кылышкан эле.

Бул жаңылыктан кийин Азия менен Европанын, андан кийин АКШнын биржаларында акциялардын баасы көтөрүлдү. Маселен Нью-Йорк биржасындагы сооданын ачылышында негизги көрсөткүч – Доу Жонс 4%га өстү.

XS
SM
MD
LG