Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:08

Еврошаркет беларус президентинин келүүсүнө салынган тыюну убактысынча токтотту


Президент Александр Лукашенко менен Беларустун башка расмий адамдарынын Еврошаркет өлкөлөрүнө каттосу үчүн салынган тыюуну,
маалыматтарга караганда, шаркеттин тышкы иштер министрлери бул маселени Люксембургдагы бүгүнкү жыйынында макулдашты. Чечим алты айлык мөөнөт менен гана кабыл алынган.

Анткен менен беларус режиминин 1999-2000-жылдары демократияны колдогон активисттердин жоголушуна тиешеси бар деп шектелген өкүлдөрү менен өлкөнүн БШКнын башчысы мурдагыдай эле шаркеттин өлкөлөрүнө кире албайт. Аларга карата мурда киргизилген чектөөнүн күчү сакталат.

Беларус бийликтери жакында абакта саясий айыпкерлердин баарын бошоткон эле. Өткөн айдагы парламенттик шайлоону болсо ЕККУ уюмдун демократиялык стандарттарына төп келген жок деп тапкан.

XS
SM
MD
LG