Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:30

Жаңыл Жусубжан , Прага Кыргыздардын көөнөргүс музыкалык маданиятын дүйнөгө таанытууда бир катар ири уюмдар иш алып барышууда. Бирок бул маданиятты атайын изилдеп жүрүп, аны өз өлкөсүндө таанытууну колго алган чет элдиктер да жок эмес. Алардын бири Этнография илимдеринин доктору Хелен Фаллер мындай маанилүү милдетти кесипкөйлүк менен аркалоо максатында өз алдынча компания ачты.

Акыркы жылдары кыргыз-казак өнөрпоздорунун гастролдорун Америкада уюштуруп келген Хелен Фаллер илимий ишин эми коммерциялык сүрөөнчүлүк менен айкаштырууга белсенип, жакында "Мозаика" компаниясын негиздеди. Жаш илимпозго Америкага телефон чалып, мен Хеленден алгач "Мозаиканын" башкы максаттарын сурадым:


Хелен Фаллер: - Бул - компакт диск таркатуучу жана өнөрпоздорду сүрөөнгө алуучу компания. Негизги максаттардын бири - америкалыктарга Борбор Азиянын бай маданий мурастарын үйрөтүү болуп саналат. Бул компанияда кыргыз өнөрпоздору менен иштеше элекмин. Азырынча Роксонаки тобу менен баштап жатам. Бирок бул ишти жакшылап өздөртүргөндөн кийин бир-эки жылда дагы башка шайырлар менен иштешем деп ойлойм.

ЖЖ: - Силер компакт диск да жаздырасыңарбы?

ХФ:- Азырынча, эч нерсе жаздыра элекмин. Бирок диск чыгарып, интернет аркылуу саттырып жатам. Концерттерде да диск сатабыз. Өткөн жазда биз Роксонаки менен беш жумада бир тур уюштурдук, келерки жылга эки тур пландап жатабыз.

ЖЖ: - Бир жылы силер Кошмо Штаттарына алып келген кыргыз шайырлары эмне болду?

ХФ:- Ал кезде менин компаниям жок болчу. 2006-жылы Теңир-тоонун мүчөсү Асылбек Касаболотов менен манасчы Рысбай Исаковдор келишкен. Бирок анда биз компакт диск саткан эмеспиз, концерт, агартуучулук тур менен алты жума жүргөнбүз.

ЖЖ: - Борбор Азияда элдик таланттарды колдогон Ага хандын кору сыяктуу аз бирок саз уюмдар бар. Алардан силердин айырмаңар кандай?

ХФ: - Негизги айырмачылыгы, алардын акчасы көп. Мен болсо жалгызмын, артисттердин жол акысын, күнүмдүк чыгымдарын төлөп, аларга айлык да берилиши үчүн спонсорлорду табышым керек. Ири компаниялар ошондой эле артисттердин чыгармачылыгын көбүрөөк көзөмөлдөшөт. Алар менен эксклюзив келишим түзүшөт да, баштан-аяк чогуу менен иштешет, алардын ырларын жаздырып, эл кыдыртышат. Менин компаниям болсо болгону бир аялдан турат.

ЖЖ: - Спонсор табыш кыйынбы?

ХФ: - Абдан кыйын. Мен Вашингтондогу дипломатиялык каналдарды пайдаланам. Түркиянын, Казакстандын элчиликтери спонсор тапканга жакшы жардам беришет. Биздин эң ири сүрөөчүбүз АКШдан эмес, Казакстандан болду.

ЖЖ: - Бул чындыгында да түйшүгү чачтан көп ишке эмнеге кызыгып калдыңар? Андан көрө университетте сабак берсеңер, айлыгыңар жакшы, жаныңарга тынч болбойт беле?

ХФ: - Мен көз карандысыз илимпозмун, университетте иштебейм. Кошмо Штаттарында бул тармакта иш орундары улам азайып баратат. Менин бул ишти колго алганымдын себеби, ал керек деп эсептейм. Америкалыктар Борбор Азия тууралуу эч нерсе билишпейт. Алар "мусулман" деп эсептеген элдер тууралуу түшүнүктөрү аз. Анын үстүнө көп шыктуу шайырларды тааныгамдыгын да огожо болду. Бул мен жасай турган иш болуп калды окшойт.

ЖЖ: -Силер илимий ишиңерди Татарстандан баштадыңар эле, кандайча андан ары чыгышка өтүп кеттиңер?

ХФ: - Бул жакшы суроо экен. Мен түрк тилдеринен биринчи казак, кийин өзбек, түрк тилдерин үйрөнгөм. Татарстанда изилдөө жүзгүздүм. Бирок 2002-жылы Вашингтондо өткөн Смитсонианс улуттук музейдин Жибек Жол фестивалы бурулуш көз ирмем болуп калды окшойт. Казактардын Роксонаки тобу менен ошондо таанышкам. Мен ошондой эле билим берүүдөгү исскусствонун баа жеткис ролуна да көзүм жетти.

ЖЖ: - Роксонаки тобу Батыштын рок музыкасын көчмөндөрдүн түпкүлүктүү ыр-күүлөрү менен айкалыштырып, жаңыча музыка жараткандыгы менен Батышта оозго алынып кетти. Кыргызстанда ушундай жаңыча мамиле барбы?

ХФ: - Бар окшойт. 2004-жылы болсо керек, Аура деген топтун консертинде болгом. Бул жаз тобу болгону менен 1-2 чыгармасында кыргыз ырларын жаңыча иштеп чыгышыптыр. Мен алар менен иштешет элем. Бирок Нурак Абдрахманов, Бакыт Чытырбаев сыяктуу салттуу музыканы аркалагандар менен иштешүүгө да кызыгат элем.
XS
SM
MD
LG