Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:43

МАКЕДОНИЯ МЕНЕН ЧЕРНОГОРИЯНЫН КОСОВОНУ БИРГЕ ТААНЫГАНЫ ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ?


Жакында Македония менен Черногория Сербиядан бөлүнүп кеткен Косовонун өз алдынчалыгын тааныды. Бирок Европа Биримдигине кошулууга үмүткөр Сербия өз коңшуларынын мындай кадамына каршы чечкиндүү чара көргөн жок. "Азаттыктын" жардамчы директору Ненад Пейич ушул жаатта өз пикирин ортого салат.

Өткөн түнү караңгыга жамынып, Черногорие менен Македониянын өкмөттөрү Косовонун көз карандысыздыгын тааныган биргелешкен билдирүү жарыялашты. Март айында да Венгрия менен Хорватия да ушундай ыкманы колдонушкан. Эгер Хорватия Косовону Будапешт менен эмес, жалгыз өзү тааныганда Сербия ага катуу реакция жасамак. Скопие менен Подгорице да ошондуктан Косово боюнча тандем түзүштү.

Косовонун февралда өз алдынчалык жарыялашына байланыштуу Сербиянын Бириккен Улуттар уюмунун Эл аралык Акыйкаттык соту аркылуу бүтүм чыгаруу демилгесин Черногирия колдоп берген эле. Сербиянын демилгеси 8-октябрда колго салынып, колдоого ээ болгондо бирок анда Македония калыс калган.

Чыңалууну азайтуу максатында минтип кеңешип саясий чечим кабыл алуу - Балканда салттуу көрүнүш эмес. Бул - жаңы жөрөлгө. Экинчи жөрөлгө Сербиянын өзү тараптан болуп жаткандыгы андан да маанилүү: Белград Косовонун көз карандысыздыгы менен күрөштү мыйзамдык, саясий жана дипломатиялык чаралар менен чектеп жатат.

Кеп Сербия эбактан берки эл аралык мамиледе күч колдонуу салтынан баш тартып жаткандыгында. Кээ бирлер "Сербия ансыз деле 20 жылдан бери согушуп атып, алы деле калган жок" деши мүмкүн. Бирок чындыгында Сербия мындан жарым жыл мурда эле башка өлкө болчу. Ал эми Слободан Милошевичтин мезгилинен бери такыр өзгөрүлдү.

Мындан алты ай мурда ал кездеги өкмөт башчысы Войислав Коштуница өлкөдө маалымат каражаттарын көзөмөлдөп турганда, алар Коштуницанын Батыш менен тирешүүсүн даңазалашчу. Косово феврал айында өз алдынчалык жарыялаганда Белграддан багытталган демонстрацияларда кан төгүлүп, бир жигиттин өмүрү кыйылды. Ал эми сербдердин АКШнын Белграддагы элчилигине кол салган сүрөттөрү бүт дүйнөгө таркады.

Бирок андан берки айларда Коштуница парламенттик шайлоолордо жеңилди, улутчул Сербдердин Радикал партиясы ичинен ыдырады, президент Борис Тадичтин Демократиячыл партиясы саясий сахнада үстөмдүк кылган күч болуп калды. Тадич өлкөнүн Европа биримдигин көздөй жылышын каалайт. Бул саясатты сербдер жалпы жонунан колдоп жатышат.

Июл айында Тадичтин партиясы бийликке келгенден бир нече күндөн кийин Белград өкмөтү согуш кылмышкери деп изделген Радован Каражичти Гаагадагы согуш трибуналына өткөрүп берди. Бул үчүн Сербияга жогору баа беришүүдө, мындай кадамдары менен өлкө Европа Биримдигине кирүү багытында баратат. Бул - Балкандан келген соңку жылдардагы эң жагымдуу жаңылык.

Албетте Белград Македония менен Черногорияга карата кандайдыр бир саясий, дипломатиялык чара көрөөрү бышык. Бирок бул согуштук чара болбойт, экономикалык чектөөлөргө бараары да күмөн. Белград өкмөтү ар кандай санкция өлкөнүн экономикасына салака тийгизээрин жакшы түшүнөт. Ошондой эле экономикалык улутчулдук Черногорияны башка тараптардан аларман издөөгө мажбурлап, ал жактагы серб компанияларына узак мезгилдүү зыян алып келет.

Черногориянын өзүндө сербчил партиялар Косовону таануудан баш тартышкан. Алар канчалык катуу кетээрин айтыш кыйын, бирок бул күчтөр жумурияттын саясий жашоосуна кеңири катышып калышкан - алар Белграддын атынан иш алпарган мезгил артта калды. Черногория калкынын көбү Косовонун өз алдынчалыгын колдобогон менен, Европа биримдигине кирүүнү каалашат жана бул үчүн Косовону тааныш керектигин түшүнүшөт.

Орусиянын Грузияга басып кирип, Түштүк Осетия менен Абхазияны шашылыш таанышы да Сербиянын Косово боюнча саясатына оор сокку урду. Үстүбүздөгү жумада эле Косовону дагы үч өлкө тааныды.

Балкан аймагынан азырынча Косовону тааныбаган Сербия менен эле Босния-Герцеговина калды. Косово Балкандагы реалдуулуктун ажырагыс бөлүгүнө айланууда, ал эми турмушта адатта реалдуулук баары бир жеңет. Балким Косовону биригип алып, дал ушул Сербия менен Босния тааныр. Бирок биз Балкан сыяктуу аймакка өтө эле катуу үмүт артып жаткан жокпузбу?

P.S. Пейичтин көз карашы сөзсүз эле "Азаттыктын" пикири менен дал келбейт.
XS
SM
MD
LG