Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:42

Талип жоочулары менен Пакистандын коопсуздук күчтөрү кагылышты


Пакистандын аскер башчылыгынын кабарлоосуна ылайык, Ооганстан менен тогошкон чек аранын жанындагы аймакта талип жоочулары менен коопсуздук күчтөрүнүн ортосунда кагылышуу орун алды. Ок атышуулардан 47 согушкер өлтүрүлүп, төрт жоокер мерт кеткен. Маалыматтарга караганда, кагылышуу Сват өрөөнүндө жана тоолуу Бажур районунда болгон. Пакистандын коопсуздук күчтөрү согушчандарга каршы артиллерия колдонгон.

XS
SM
MD
LG